Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Коом жана Экономика

Кубанын жаңы президенти шайланды

Куба өкмөтүнүн жаңы президенти болуп Мигель Диас-Канель шайланды.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Куба өкмөтү 19-апрелде президент Рауль Кастронун 57 жаштагы орун басары Мигель Диас-Канелди шайлады. Рейтер агенттиги Кубанын Улуттук Кеңеши Улуттук парламенттин добушу менен 84 жаштагы Рауль Кастронун орун басарын өлкөнүн жаңы президенти катары шайланганын маалымдады.
Белгилей кетсек, Рауль Кастро мурдагыдай эле Комунисттер партиясынын жетекчиси болуп кала бермекчи.

Башар Асад Франциянын “Ардактуу легион” белгисин кайтарып берди

Сириянын президенти өз өлкөсүнө жасалган аскердик чабуулга байланыштуу Франциянын катышуусуна жооп катары Франциянын “Ардактуу легион” белгисин кайтарып берди.

Сириялык Хасан Диаб аттуу 11жашар бала “Ак каскалардын” Думадагы химиялык чабуулунун “курмандыктары” тууралуу жасалма ролиги кантип тартылганын айтып берген.

Бул тууралуу ФАН агенттиги “Комсомолькая правда” гезитине шилтеме берип кабарлады.
“Биз жертөлөөдө болчубуз. Апам мага: “Бүгүн жегенге эч нерсе жок, эртең гана тамактана алабыз”,- деген. Бир учурда сырттан “ооруканага баргыла” –деген кыйкырыктар угулду. Биз ооруканага бардык. Мен кирээр маалда эле мага суу чачырата башташты, андан соң башкалар менен кошуп керебетке жаткырып коюшту.”

Иран,Ирак,Сирия жанаОрусия коргонуу тармагындагы кызматташтыктарын бекемдейт

Иран, Ирак, Сирия жана Орусиянын террорчулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча жыйыны өтөт.

ЖК өкмөткө ишеним көрсөткөн жок

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, буга байланыштуу токтом кабыл алды.

Аны 105 депутат колдоп, төрт эл өкүлү каршы добуш берди. Эми мыйзам боюнча парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт. Төраганын орун басары Мирлан Бакиров, парламент тарыхый чечим кабыл алганын белгиледи.

“Кайтаруумаршы”демонстрациясында 33 киши набыт болуп, 4 миңден ашууну жаракат алды

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги Газа Секторунун чек арасындагы “Кайтаруу маршы” демонстрациясынын башталышынан бери палестиналык 33 жаран курман болуп, 4279 киши жаракат алгандыгын билдирди.

Трамп CIA президентинин Түндүк Кореянын лидери менен болгон жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн билдирди

Категория: Дүйнө - Published: 19/04 - 10:46
Америка президенти CIA президентинин Түндүк Кореяга жашыруун сапары натыйжалуу болгонун жарыялаган.

ИИР долларды евро менен алмаштырды

ИИРдин министрлер делегациясынын чечими менен бардык өкмөттүк уюмдар жана компаниялар доллардын ордуна еврону колдонууга милдеттендирилишти.

ИИР доллардын ордун евро менен алмаштырды. ИИРдин министрлер делегациясынын чечими менен бардык өкмөттүк уюмдар жана компаниялар доллардын ордуна еврону колдонууга милдеттендирилишти. Tasnim агенттиги президенттик маалымат кызматына шилтеме берип билдирүүсүнө ылайык, 18-апрелде өткөн өлкөнүн президенти Хасан Рухани жетектеген министрлер делегациясынын отурумунда доллардын ордун евро менен алмаштыруу чечими кабыл алынган.

Эрдоган Түркияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялап, добуш берүүнү 24-июнга белгиледи.

Ал 18-апрелде шайлоону мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүү чечимин түшүндүрүп жатып, Түркия тезиреек президенттик башкарууга өтүшү зарыл экенин айтты.

Эрдоган мындай чечимге бүгүн Улутчул кыймыл партиясынын лидери Давлет Бахчели менен сүйлөшкөндөн кийин келген. 17-апрелде күтүүсүздөн кезексиз шайлоо өткөрүү сунушун көтөрүп чыккан Давлет Бахчели - президент Эрдогандын союздашы катары белгилүү.

Тажикстандын агрардык облусунда кургакчылык болууда

Тажикстандын эң ири айыл чарба аймагы болуп эсептелген Хатлон облусунда миңдеген дыйкан кургакчылыктан жабыркоодо.

Жергиликтүү тургундардын бири Сафар Махмадназаров өмүрүндө быйылкыдай кургак талааларды көбөгөнүн билдирди. «Мен мында 65 жылдан бери жашайм, бирок мындайды эч качан көргөн эмесмин. Жыл сайын жамгыр жаап, буудай, арпанын түшүмү жакшы болчу. Быйыл 500 килограмм буудай сепкенбиз. Баары кургап калды. Үй-бүлөм 10-12 кишиден турат, эми эмне кыларыбызды билбей турабыз», - деди ал.

Страницы

Подписка на RSS - Коом жана Экономика