Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Тажвид

Куран окууну үйрөнүү жана угуу.

• Ар бир мусулман үчүн өзүнүн намазы дурус аткарылгыдай өлчөмдө Куран аяттарын жаттоо жеке парз (парз айн). «Фатиха» сүрөсү менен кошо дагы бир сүрөнү жаттоо важиб, ушунчалык жаттаса парз да жүзөгө ашкан болот. Курандын башка бөлүктөрүн жаттап чыгуу мусулмандар үчүн жалпы парз (парз кифая).

Куран үйрөнүү

Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) хадисинде буйруган: "Аллах Таала ар бир момун аялга жана момун эркекке, жада калса кулга жана күңгө мүмкүнчүлүгүнө жараша Куран үйрөнүүсүн ваажиб кылган."
Куран Карим араб тилинде түшүрүлгөн: "Чындыгында Биз аны арабча Куран кылып түшүрдүк" (Юсуф 2-аят). "Тажвид" илими Куранды туура окуу эрежесин үйрөтүүчү илим. Андыктан, Куранды арабча так кыраат кылуу үчүн ар бир мусулманга алгач тажвид илимин үйрөнүү парз. Ошондой эле беш убак намаздарда дагы Куран сүрөөлөрү арабча, тажвид эрежеси менен окулушу лаазым, андай болбосо намазы бузулат.

Подписка на RSS - Тажвид