Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Куран жана Илим

Чыныгы илим

Илим үзгүлтүксүз өнүгүп турат. Ушул себептен азыркы күндө илим менен чындыкты акыркы точкасына жеттик деп айта албайбыз . Чындык катары эсептелип, көрүнгөн көп нерсе – чындык эмес балким анын көлөкөсү болушу мүмкүн. Эртеңки күнү эмне боло тургандыгын азыртадан билүү мүмкүн болбогон сыяктуу, адам баласы ой жүгүртүп, изилдеген сайын жаңылыктарга жетет жана дүйнө жүзү тургуча бул улана берет.

Курандагы чыныгы жихад

Жихад сөзү «жехд» деген сөздөн келип чыккан. Арап тилиндеги маанилери болсо төмөнкүдөй:

КУР'АН- БАРДЫК ИЛИМДЕРДИН ЖАНА ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ!

Балдарга светтик илимдерди окутуудан мурда, эң биринчи КУР'АНДЫ окутуп үйрөтө турган болсок, анда КУР'АН адам баласына жашоосунда эң керектүү жана эң маанилүү нерселердин баарын үйрөтөт. Бул ата-эненин баласы үчүн берген эң жакшы тарбиясы болот. Анткени, ата-эне балдарына Кур'анды үйрөтүү менен бирге перзенттеринин бул дүйнөдө да жана акыретте да бактылуу болууларына кам көргөн болушат. Ата-эненин бул жашоодогу эң негизги милдети ушул.
ХАФИЗДИН АТА-ЭНЕСИНЕ АЛЛАХ ТААЛА КЫЯМАТ КҮНҮ НУРДУУ ТААЖЫ КИЙГИЗЕТ.

ДҮЙНӨ ЖАШООСУНУН АЛДООЧУ КООЗДУКТАРЫ

Биз жашаган дүйнөдө адам көзүн кайсы тарапка бурбасын, көптөгөн кооздуктарды көрөт.
Адамдын кынтыксыз дене түзүлүшү, миллиондогон түрдүү өсүмдүктөр, тонналаган оордуктагы булуттар жайгашкан учу-кыйырсыз асман жана башка көптөгөн нерселер рухка ырахат бере турган бир көрүнүштө жаратылган.
Көздөн башка сезүү органдары менен сезген көптөгөн нерселер да адамга ырахат берет.
Сонун бир жыт, даам же сонун ритмдеги музыка сыяктуу.
Шагында төгүлүп турган мөмөлөр сонун жыты жана даамы менен баарыбызга жагат.

Сөз учат, жазуу калат

Пайгамбарыбыз Алла таала тарабынан өзүнө бөлүм-бөлүм болуп жиберилген аяттарды алгач окуп-жазганды билген мусулмандарга жаздырар эле. Ыйык Куранды жазган кишилер
вахий катчысы деп аталган. Алардын милдети келген ар бир аятты жазуу болчу. Пайгамбарыбызга келген ар бир аят бул кишилер тарабынан кемчиликсиз түрдө жазылар эле. Араларында азирети Али , азирети Абубакр жана башка ушуларга сыяктуу көптөгөн кишилер болгон жана бул кишилердин аркасы менен ыйык Куран эч кандай өзгөрүүгө учурабастан ушул күнгө келип жетти.

Ислам дининин жаңы ойлоп табууларды демилгелендирүүсү

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мезгилинде керосин лампасы дагы жок болгондуктан, курма багынын бутактарын күйгүзүп, үйлөрүн жарык кылышкан, намазды ошонун жарыгы менен окушкан. Күндөрдүн биринде мечитке ага чейин эч ким көрбөгөн чырак алып келинет. Жөнөкөй система менен күйгөн мындай чырактын ичинде

Орто кылымдарда мусулман дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн себептери

Ислам дүйнөсүнүн өнүгүүсүнү батыштык изилдөөчүлөр төмөнкү үч фактор менен ачыкташкан. Булардын алгачкысы, илимден алыс адамдардын илимге болгон муктаждыктарынын чексиздиги, ошондой эле жаңы цивилизациялар менен аралашкан кезде, алардын културасы жана менталитеттериндеги зыяндуу пикирлерге каршы, илим жана култураны элгектей алган ишенимдери, түшүнүктөрү жана илим борборлору болгон. Ислам дининин илимге берген баасы бул жерде да чоң рол ойногон.

Илим алуу керекпи?

1) Илим тууралуу Курандын аяттары. Илим ээлери периштелер менен эскерилет. Аллах Таала айтты: «Акыйкатта, Өзүнөн башка кудай жок экенине адилеттүүлүктү орнотуучу Аллах Өзү, периштелер жана илим ээлери күбөлүк берди. Аллахтан башка кудай жок. Ал – Ызаттуу, Даанышман!» (Аалу Имран 3:18) – Аллах биринчи Өзүн, андан кийин периштелерин, андан кийин илим ээлерин – Аллахтан башка кудай жок экендигин күбөлүк берүүгө чакырган. -Илим илимдүүнү башкалардын үстүнөн көтөрөт. «(Эй, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» деп айт.

Ислам маданиятынын бийиктиги

Ислам ахлагы ыймандууларга берген маанилүү бир өзгөчөлүк – бул жогорку чеберчилик жана кооздук түшүнүгү. Куранда кабар берилген бейиш сүрөттөөлөрү мүмкүн болгон эң жогорку сапатты, терең ырахатты жана көз жоосун алган бир көркөмдүктү сүрөттөйт. Бул түшүнүктү жүрөктөрүнө орноткон Мусулмандар теңдешсиз эмгектерди пайда кылышты, башкарган өлкөлөрү дүйнөнүн эң тандалган жана «заманбап» жерлерине айланды. Ислам Арап жарымаралынан төрт тарапты көздөй жайылып жатып, өзү менен бирге улуу бир өнүгүүнү жана байлыкты да алып келди.

Илим алуу аял эркеке бирдей парз

Боорукер жана Мээримдүү Аллахтын аты менен! Адам баласын илим жана илимге амал кылуу менен бүткүл ааламдан артыкча кылган Алла Таалага мактоолор болсун. Бүткүл ааламдагы илим жана билим ээлеринин жол башсысы болгон Мухаммад саллоллоху алайхи васалламга, анын үй-бүлөсөнө жана илимдин, билимдин булагы болушкан сахабаларына салават жана саламдар болсун.
Заманыбызда илим алууга арекеттенип, илимдин артынан тушуп көздөгөн максатына жетүүгө арекет кылып, илим пайдаларынан жана мөмөлөрүнөн куру калып, максатына жетпей калышкан бир туугандарыбызды кездештирүүгө болот.

Страницы

Подписка на RSS - Куран жана Илим