Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Пайгамбардын табыпчылыгы

Акыркы Пайгамбардын(саллаллаху алейхи васаллам) кеңеши

ПЕС ООРУСУНУН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ ТУУРАЛУУ. Анас (Алла ага ыраазы болсун): “Аллахтын Элчиси (саллаллаху ‘алейхи васаллам) мындай деген болчу: “Мүрзөнүн үстүнө заара ушатпагыла! Анткени ал пес оорусунун пайда болушуна жана анын жайылып кетишине себеп болот” дейт. (Насаий, Рамуз).

БАШ ООРУНУН ДАРЫСЫ

Ислам дини жана азыркы медицинадагы ачылыштар

Ден-соолук
«Алла Таала инсанды жер жүзүнүн ар кайсы тарабынан чогулткан бир ууч топурактан жараткан. Мына ушул себептен адамбаласынын бир тобу кара, бир тобу ак, бир тобу кызыл жана бир тобу болсо ушул бардык түстөрдүн аралашмасындагы түстө. Бир топ адамдар жакшы мүнөздүү, бир тобу катуу, бир тобу болсо сылык мүнөздүү болуп (башкача айтканда ар кандай мүнөздө, ар кандай жөндөмдө) дүйнөгө келишкен» (Абу Давут, Суннат, 16).

Анжир/инжир:

 Калифорния анжир изилдөө борбору тарабынан «табияттын эң сонун мөмөсү» катары таанылган анжир адамзатка байыртан эле белгилүү болгонуна карабастан, азык-түлүк өндүрүүүчүлөр тарабынан анын касиеттери, сырлары жана пайдалуу жактары жаңыдан ачылууда. Анжирдин азык катары жогорку сапатка ээ болушу ден соолукка тийгизүүчү пайдалары, бул мөмөгө өзгөчө маани берүүнү жана кызыгууну пайда кылган.

Бал

Илимде алдыңкы орундарга чыккан айрым өлкөлөрдө, балдын адамдын ден-соолугуна тийгизген таасиринен улам, балчылык жана бал өндүрүшү өз алдынча иликтөө, изилдөө тармагына айланган. Ал эми Куран бал туурасында эмне дейт? «(Эй, Мухаммед), Жараткан Эгең бал аарыга мындайча аян кылды: «Тоолорго, дарактарга жана адамдар байырлаган жерлерге уя салгын. Андан соң мөмөлөрдүн ар бир түрүнөн жегин да, Жараткан Эгең сен үчүн ыңгайлаштырып койгон жолдордон жүргүн! Алардын курсак-кардынан түркүн түстүү бал-шербет чыгат. Ал бал-шербетте адамдар үчүн шыпаа бар.

Сүт

 Адам баласы чындыгында айбандардын карындарындагы али сиңдирилбеген чийки азыкты да, анын канын да түздөн-түз азык катары иче албайт. Эгер буларды түздөн-түз иче турган болсо, анда олуттуу уулануларга ал гана эмес өлүмгө да жол ачышы мүмкүн. Бирок, Алла Таала өзү жараткан бирдиктүү биологиялык системалар аркылуу бул ичилбес заттардан таза жана жагымдуу азыкты адам баласынын пайдасына сунууда. Мындайча айтканда адам баласы түздөн-түз иче алгыс кан жана чийки заттардан ичимдүү жана пайдалуу азык болгон сүт өндүрүлүп чыгууда.

Балык

 Адистер жүрөктүн жакшы иштеши жана бир катар ооруулардын алдын алууда маанилүү азыктардын бири катары балык жеөөнү сунуш кылат. Балыктын мындай маанилүү азык болушунун башкы эки себеби бар. Ал эки себеп, балыктын адамдын организмине керектүү элементтерди камтыгандыгы жана ар түрдүү оорулардын коркунучун мүмкүн болушунча алдын алгандыгы. Балыктын мындай керемет сырлары жана пайдалары бүгүнкү күндө илимий жактан эми гана белгилүү болуп жатса да, бул акыйкат-чындыктарды Куран бизге XIV кылым мурун эле кабарлаган.

Зайтун /оливка

 Куранда басым жасалган азык-заттардын дагы бири – бул зайтун. Соңку жылдарда жүргүзүлгөн иликтөөлөр зайтундун бир эле тамак-аш азыгы гана болбостон, ден-соолукка да өзгөчө пайдалуу болгондугун далилдеп чыкты. Албетте, зайтундун өзү эле эмес, анын майы да маанилүү азык болуп эсептелет. Ал эми биз сөз кылып жаткан Куранда зайтун майы тууралуу төмөнкүчө маалымдалат: «Алла Таала асмандардын жана жердин нуру. Анын нурунун (момун пенденин жүрөгүндөгү) мисалы, куду бир текченин үстүндөгү бир чырак сыяктуу. Бул чырак да бир шишенин ичинде. Ал шише да жаркырап жанган жылдыз сыктуу.

Туздун пайдасы жана зыяны

Туз тамактын даамын гана чыгарбастан, адамдын организминин жашап турушу үчүн керек. Так айтканда, кандын курамындагы гемоглобиндин жашашы үчүн зарыл. Ошондой эле туз ашказанда туз кислотасын жаратат. Бул кислотасыз тамак-аш эрибейт. Ал гана эмес, тамак-аштын сиңүүсү үчүн кажет болгон шилекейдин активдүү бөлүнүшүн да шарттайт. 
Кан басымдын калыпта болушу үчүн да туздун таасири бар. 
Туздун курамындагы натрий кан тамырларды анда топтолуп калган майлардан тазалоо үчүн да керек. 

Курандагы жемиштер (3)

Пияз
Куран Каримде пияз тууралуу Бани Исраилдер бир түрлүү азыкка ыраазы болбой Муса (а.с)дан пияз сурашканы айтылат.
Сарымсак
Сарымсак Бани Исраилдердин азирети Муса (а.с) дан сураган дагы бир азыктарынан эле.
Камфора

Курандагы жемиштер (2)

Бадыраң
Бадыраң бир гана аятта айтылган; анда Бани Исраилдер бир түрлүү азыкка канааттанышпай, Муса (а.с)да бадыраң таап келүүсүн кааалашканы баяндалат.

Страницы