Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Пайгамбардын табыпчылыгы

Cүлүктүн пайдасы

Гирудотерапия (сүлүк менен дарылоо) - бул көптөгөн ооруларды дарылоонун негизги ыкмасы. Төмөндөгү ооруларда сүлүк колдонуу эӊ жакшы натыйжаларды берет:

Тамекинин залалдары

Тамекинин зыяндарын төмөнкүчө тизмелөөгө болот:
• Териге бырыш түшүрүшү
• Тиштердин саргаюсу, тиш бүлөөсүнүн оорусу.
• Ооз жана тамак; тамактын рак оорусу, даам татуу сезиминин алсыроосу.
• Кекиртек жана дем алуу органдары; кекиртектин рак оорусу, кекиртек сезгенүүсү, үн түйүмдөрүнүн зыянга учуроосу.
• Жүрөк жана кан тамырлар; инфарк оорусуна себеп болушу, атеросклероз, кан басымынын жогорулашы.
• Жатын жана жумурткалар; тукумсуздукка, баланын бойдон түшүшүнө, майып төрөлүшүнө себеп болушу. Этек киринин эрте келиши жана жатындын рак оорусу.

МЭЭНИН СЫРЛАРЫ

Мээ... Сырлары дагы эле чечиле албаган чексиз сыйымдуулук... Бул кереметтүү түзүлүштөгү кичинекей эле бир кемчилик өмүрүбүздө көп нерсенин өзгөрүшүнө себеп болушу мүмкүн.

Учурдагы илимий изилдөөлөр болсо бизди бул кереметтүү органдын функциялары менен сырларына дагы бир кадам жакындатты...

Өмүр бою бизди курчап турган жана жашообузду байыткан миңдеген даам жана жыттар менен аралашып жашайбыз.

Табияттагы сансыз гүлдөрдүн, жамгырдан соң жанданган топурактын, жакшы көргөн бир адамыбыздын жыттарын элестетели...

Угуу системасы

Үн – жашообузду кооз кылган эң негизги элементтердин бири. Бир саамга ойлонуп көрсөңүз:жымжырт бир дүйнөдө жашоо кандай болмок эле? Артыбыздан байкоосуз келип калган чоң коркунучту сезе алмак эмеспиз. Айланабыздагы окуялардан кабарыбыз болбой, музыка деген жакшылыкты биле алмак эмеспиз. Жакшы көргөндөрүбүз менен байланыш кура албай, эч кимге оюбузду оңой жеткире албай, билгендерибизди айтып бере алмак эмеспиз.

Чочконун этинин зыяны

Алла Таала ырыскылардын адалын гана жешти буюрган. Анткени адам баласы таза болуп жаратылган. Денеде жайгашкан рухубуз ар дайым адал нерселерди талап кылат. Периштелер дагы ушундай. Ошондуктан арам нерселер Алла тарабынан аманат кылынып берилген ден-соолугузуду жана рухубузду бузат. Периштелердин бизден алыстоосуна себеп болот.

Тиштердин ден соолукка тийгизген таасири

Организмдин нормалдуу өсүшү толук кандуу тамактанууга, ал эми тамактын жакшы сиңүүсү тиштердин чайноо абалына көз каранды. Чайноо ылдыйкы жана үстүңкү жаак, булчуңдар, тиш, тил жана эрин аркылуу жараян этет.

Тиш организмдин негизги жашоо функцияларында: тамактанууда, дем алууда жана үндүн чыгышында да өздүк мааниге ээ.

“Хальба” (Пажитник)

Хальба (орусча аталышы пажитник) өсүмдүгүнүн пайдалары тууралуу жетинчи кылымдарда пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) баяндаган: “Өзүңөрдү хальба уругу менен даарылагыла.” Ал Азиретинини буйругунан улам бул өсүмдүк сөзсүз түрдө кандайдыр бир касиеттерге ээ экенин баамдайбыз. Сүннөт менен даарылануу ыкмасынын бирден бир сыры болгон бул өсүмдүктүн зор пайдаларын медицина илимдери да кийинчерек далидешти. Хальба же төө өсүмдүгү аталган бул урук көбүнчө түштүк- чыгыш Европа, Индия, Аргентина, Египет, Марокко, Франция өлкөлөрүндө өсөт.

Сейдана

Сейдана уругу (черный тмин) байыркы элдик медициналарда колдонулуп келген. Анын даарылык касиеттери өтө көп. Ислам пайгамбары (с.а.в) дагы ал тууралуу көп табыштаган. Сейдана кара түстүү, пияздын уругундай үч бурчту келген ирик дан. Жыты буркураган, ачуу таттуу аралаш даамданган өзгөчө пайдалуу урук. Аны майдалап, бал менен аралаштырып, ооруган жерге койсо, оорусу басаңдайт. Ошондой эле чай катары ичкенге пайдалуу. Көкүрөк ооруларына, нерв системаларына, бөйрөк, ашказан, жүрөк, көз, баш оору, тиш ооруларына оң таасирин тийгизет.

Тапкан байлыгыбызды жоготуп албайлы

Саналуу күндөр көз ачып жумгуча өтүп кетти. Мээримдүүлүктүн, берекенин жана кечиримдүүлүктүн айы саналган Ыйык Рамазан менен кошо кармаган орозобуз акыл-эсибизге, жана ден-соолугубузга өзүнүн пайдалуу издерин таштап кетти. Күндүзгү орозо, күүгүмдөгү ифтар менен таравих, түн бир оокумдагы саарлык бизге кадимкидей жаңы келбет, жүзүбүзгө жарык нур берип, айрым бир ооруларды айдап салды. Куттуу айдын сан жеткис пайдалуулугунан, шарапатынан баар таап, өзүбүздү жакшы сезип калдык.

Медицина илиминин атасы ИБН СИНА (980-1037)

Ислам дүйнөсүнөн чыккан залкар инсандардан бири Ибн Сина. Ал философия жана медицина илимдериндеги илгери жетишкендиктеринен улам Чыгышта «шейх», «раис» делсе, Батышта «Дарыгерлердин принци» деген наамга ээ болгон. Ибн Сина 980-жылы Бухарага жакын Авшан деген жерде төрөлгөн. Толук аты Абу Али Хусайн Ибн Абдуллах Ибн Сина. Ал 5-6 жаш курагында атасы менен Бухарага барып, эң алгачкы билимин ушул жерден алат. Бул жерден математика, фикх (ислам укугу), калам (ислам теологиясы), логика жана философия илимдерин окуйт. Кийинчерээк медицина илимине абдан кызыгуусу артат.

Страницы