Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Пайгамбардын табыпчылыгы

Сабизди көп жесең рак оорусунан сактатанасың

Европа окумуштуулары тарабынан эгер адам күнүгө 1-3 баш сабиз жеп турса рак оорусуна кабылуудан сактанууга мүмкүнчүлүк бар. Көрсө, сабиздин курамында рак оорусун пайда кылуучу шишикке каршы күрөшүүчү фалькаринол деген элемент бар экен. Сабиздин дагы бир пайдасы ал стресске баткан адамдын нервин тынчтандырууга көмөгү чоң. Сабизди чийки жеген адамдын териси да тазарып турат. Аны сууга кайнатып эзип жесе жүрөк оорусунун басаңдашына пайдалуу. Бала эмизген аялдардын эмчегине да сүттү азыктуу, майлуу жана витаминдүү кылат. Карылыкты алдын алып, беттеги бырыштарды азайтат.

Жүзүм эң пайдалуу жемиш

Кара жүзүм жүрөк, боор, көк боор, ашказан нерв системасынан жабыр тарткандарга жардам берет. Андан тышкары жүрөктүн иштешин күчөтөт, дем алуу кыйынчылыгына туш болгондорго табылгыс дары.

Көк чайдын пайдасы

Айрымдар алар эки башка жалбырактан жасалат деген да ойдо жүрүшү мүмкүн. Бирок көк чай менен кара чай бир эле жалбырактан чогултулуп, иштетүүдө гана бөлүнөт. Кара чай кантип пайда болот? Ал табигый шартта, күндүн, шамалдын жана нымдуулуктун негизинде өзгөрүп, кара түскө ээ болот. Ал эми көк чай жашыл кезинде чогултулуп, ачуу ысык бууга кармалып, кычкылдануу процессинде чай көк жашыл өңдү кармап калат. Көк чай кара чайга эч окшошпойт. Анын жыты, даамы, өңү да башка. Бирок көпчүлүк адамдарга жөн гана жашыл жалбырак чай жага бербейт жана аны кумшекер кошпой ичишет.

Эчкинин сүтү эмнеси менен пайдалуу?

Байыркы доордун медицинасында: Эчкинин сүтүнүн пайдасы эң байыркы доорлордон бери эле белгилүү. Байыркы Грециянын да мифтеринин бирине таяна турган болсок: ымыркай Зевсти Амалфея деген эчкинин сүтү менен багышкан. Миңдеген жылдар бою Азиянын, Европанын жана Кавказдын элдери эчкинин сүтүн пайдалануу үчүн анын тукумдарын көбөйткөнгө аракет жасашкан. Эчки пайдалуу сүтү менен соода-сатыкта да, суроо талапка ээ болгон. Керек болсо Гиппократ менен Авиценна дагы эчкинин сүтүнүн пайдалуу касиети тууралуу айтышкан жана оорулууларга аны колдонушкан.

Лимондун пайдасы

Лимондун курамы: витаминдер жана минералдар. Лимондун негизги курамын суу менен лимон кислатасы түзөт. Бирок мындан сырткары анда организмге керек эң маанилүү витаминдер да көп. Лимондо биринчилерден болуп эле С витамини көп. Аны менен катар эле дагы: А, В1, В2, D витаминдерин жана мындан сырткары цитринди (витамин Р) курамына камтыйт.
Лимон химиялык курамы боюнча өзүнчө бир фенолдук байланышка жана жогорку биологиялык активдүү заттар менен касиетүү баалуулуктарга ээ. Ошондой эле минералдык туздарга, лимон кислотасына бай. Ошондуктан ал организмге абдан керек.

Көк алманын пайдасы

Эмне үчүн көк алма?Көк алманы баардыгыбыз бала чагыбыздан эле жакшы көрүп жейбиз.Болгону кичинекей кезибизде аны пайдалуу болгону үчүн эмес, даамын жакшы көргөндүктөн дарактардын башына чыгып алып кемирип жечүбүз жана жуубай жегенибиз үчүн апаларыбыздан тил укчубуз. Ал эми азыр болсо бала чагыбызда эмне үчүн дал ушул көк алмаларды сүйүп жегенибизди толук түшүнгөнгө убакыт келди.

Бардык нерсе бизге аманат кылынган

Алла таала бизди жана кереметтүү бул дүйнөнү бекеринен жараткан эмес. Адамдарга айрым жоопкерчиликтерди жүктөгөн.Бардык нерсе, атап айтканда, бул дүйнө, жан-жаныбарлар жана өмүрүбүз бизге аманат берилген. Алла таала бизге ошол жоопкерчиликтерибизди орундатыш үчүн акыл-эс, ойлонуу жана сүйлөө жөндөмүн берген. Дагы жакшы дүйнөдө жашоо үчүн адилеттүүлүк жана боорукердик сезимин да ыроологон.Дүйнөбүздө биздикиндей эле жаны болгон көптөгөн жан-жаныбарлар жашайт.Канаттуу-куштардын, курт-кумурскалардын, сан-түркүн өсүмдүктөрдүн, түркүн-түстүү гүлдөрдүн да өздөрүнө тиешелүү жашоосу бар.

ШИЛЕКЕЙДИН КАСИЕТТЕРИ

Илгертен эле элде колунда бар же ырыскысы кенен болгондор жолукса, той тоордо бала ээрчиткендер «Кел менин мыногу жаманымдын оозуна түкүрүп койчу, сендей ырыс-кешиктүү болуп жүрсүн»-дегендерин кулак чалып калып чоңойдук. Албетте, ырыскы бирөөнүн түкүрүгү менен болбосун баары эле аңдайт, бирок бул сөздүн куру жерден чыкпаганы ойлонтот. Кандай мааниде айтылганына карабай, шилекейдин акыйкатын изилдесе, андагы адам байкабаган зор касиеттер табылат.

Энергия берген азыктар

Энергияга биз активдүү, позитивдүү, бактылуу жана сулуу жашаш үчүн муктаж болсок, калория бизге чың денсоолук, бакубат жашоо үчүн керек. Ошентип ар кандай азыктардан организмди керектүү заттар менен камсыз кылып, бизге керек энергияны да, калорияны да алып турабыз. Бул жерден карама-каршы ойлор жаралат, кээ бир азыктар энергияны, сергектикти көтөрсө, башкалары аны түшүрөт. Биз болсо сиздер үчүн маанилүү, энергияга бай жана жалпы организмдин абалын жакшырткан, сулуулукка кам көргөн азыктардын тизмесин түзүп чыктык.

Мухаммед пайгамбардан диета

Мухаммед пайгамбарыбыз “Ашказандын үчтөн бир бөлүгүн тамак менен, экинчи бөлүгүн суу менен, калган үчүнчү бир бөлүгүн аба менен толтургула” деп айткан. Чың ден соолукта, узак өмүр сүрүп жашаш үчүн бул сөздү дайыма эске тутуп жүрүү керек. Ушундайча модалуу диеталарды кармоонун, пластикалык операция жасатуунун кереги жок болуп калат.

Страницы