Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Пайгамбардын табыпчылыгы

Химиялык дары-дармектер

Бүгүнкү күндө Америкада жылына 250 миң киши медициналык каталар себебинен кайтыш болот. Алардын 127 миңи ооруканаларда, жаңылыш дары берилгенинен же дарылардын терс таасиринен өлгөн. Ушундай себептерден улам ооруканалардан башка жерлерде өлгөндөрдү статистикасы азырынча жок, бирок андайлар да өтө көп.

Дарылардын терс (побочный) таасири менен ооругандардын статистикасы да жок. Тажрыйбалар ушуну көрсөтүүдө, бардык оорулардын түбүндө химиялык дарылар турууда.

Кант диабет оорусу

Диабет менен дүйнө калкынын 2,5%ы ооруйт.

Ар кандай жаштагы адамда кезигип, узак убакытка созула турган оору. Диабеттин белгилери – такай суусайт, тамакка табити артат, заараны көп бөлүп чыгарат, алы кетип шалдырайт.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, өлүмгө алып баруучу оорулардын көпчүлүгүнө жол ачуучу оору болуп эсептелет.

40 жашка чейин жүрөк приступын башынан өткөргөн кишилердин 51%ында кандагы канттын жогору болушу аныкталган.

Органдарыбыз биз жеген азыктын көпчүлүгүн боордо кантка т.а. глюкозага айлантат.

Анардын пайдалуу касиети.

Бекеринен анарды момо-жемиштердин падышасы аташпаса керек.Анда витаминдер (С,В1,В6,РР)микроэлементтер жана органикалык кислоталар кенири кездешет. Дарылык максатта анын даны, кабыгы,гулу,бутагыжана тамыры колдонулат.Эгер билсениз,анар бир гана журокко эмес, коп ооруга табылгыс.каражат. Томондо бир нечесин мисалга келтиребиз.

Аз кандуулукта-анар ширесин кунуно 3 маал тамактанууга 30 мунот калганда 1/2-1стакан ичуу керек.Дарылануу курсу 2-4 ай,анан 10 кундой тыныгуу жасап,дарыланууну кайра улантат.

Алоэ же жүз жылдык эмнеге дары?

Үй өсүмдүктөрүнүн ичинен өзүнүн эттүү жалбырактары, сейрек тикенектери менен айырмаланган алоэ бөлмөлөрдүн абасын тазартуу менен катар эле элдик медицинадагы рецептердин көбүндө колдонулат. Бул өсүмдүктү көбүнчөсү жүз жылдык деп дагы аташат.

АРПАНЫН ПАЙДАСЫ

Пайгамбарыбыз алейхи салам эң жөнөкөй азыктар менен тамактанган. Заманбап диетологдор да ушундай тамактануу системасы ден соолук үчүн эң пайдалуу болот деп эсептешет.Аларды кезеги менен сиздерге тартууламакчыбыз.
Арпа
Арпа организмди зыяндуу заттардан тазалоочу жана кандагы кантты жана холестеринди азайтуучу сууда тез эриген булалардан турат. Ошондуктан диетологдордун пикири боюнча арпанын уну башка ундарга караганда (буудайдын уну, кара буудайдын уну,чречиха уну) ден соолукка пайдалуу.

ОРОЗО АР КАНДАЙ ООРУЛАРДЫ АЙЫКТЫРАТ

Орто эсеп менен алганда чоң шаарда жашаган 40 жаштагы кишинин организминин 1/3 шлакка, тузга жана майга толгон. Шлак жана майлар дененин “стратегиялык мааниге ээ” органдардан (мээ, жүрөк, кан-тамыр) алысыраак жерлерине биринчи чогулат: эркектерде бул курсак, аялдарда жамбаш жана бел жактары. Туздар болсо сөөк бириккен жерлерге туруп калып – остеохондроз оорусун пайда кылат.

Мээни жакшы иштетүүчү азыктар

Адамдын мээсинин иштөөсү эмнеден көз каранды экени толугу менен изилденип бүтө элек. Биз билгенден көп окуп, билим алуу менен адамдын мээсинин өнүгүүсүн камсыздап, ойлонууга жана эс тутумду жакшыртууга болот. Ал эми мындан сырткары азык-түлүк, жемиштер да мээ үчүн абдан зарыл экенин билесизби?
Мээм жакшы иштесин, мен да экинчи Эйнштейн болом десеңиз, баш катырмалардын жандырмагын таап, китеп окуп, маалымат топтоодон сырткары төмөнкү азыктарды аш тизмегиңизге кошуңуз:

Орозо рак илдетинин коркунучун азайтат

Америкалык окумуштуулардын тобу белгилүү убакыттагы ачкалык адам организмине жагымдуу жагдай түзөрүн далилдешкен. Ачка болуунун пайдасы өзгөчө дем кыстыгуудан жапа чеккендерге пайдалуу. Организмдеги азыктын азайышы организмдин ички системасына чакырык таштап, кандай симптомдор болбосун күрөшүүнү активдештирет экен. Окумуштуулар орозонун таасиринен өзгөчө, рак клеткаларынын өсүү деңгээлин жайлатуу жогорку көрсөткүчтө экенин айтышкан. Ислам медицинасын изилдөөчүлөрПайгамбар сүннөтүндөгү ар бир абал адам саламаттыгына кам көрүү экенин ырасташкан.

Хижама (кан алдыруу)

Кимде-ким (Хижрий) айдын он жетинчи, он тогузунчу жана жыйырма биринчи күнү хижама кылдырса (кан алдырса), ар кандай дарддан шыпаа табат.

Хадис

Ар түрдүү оорудан арылуу жана ден соолукту сактоо максатында дененин белгилүү жайларынан ичке жана каппиляр тамырлардан кан алуу – “хижама”” деп аталат.

Ал эми, заманыбыздын көпчүлүк аял жана эркектери таттуу, туздуу, өтө майлуу жана аралашмалуу даяр жегиликтерди аралаштырып, анын үстүнө, күндө 3-4 жолу жешкени үчүн кан алдырууга чоң муктаждыктары бар.

Жаңгактын пайдасы

Кадимки жаңгактарды орус эли грек жаңгагы деп аташат. Анткени, мындан миң жылдар мурун Оруссияга жаңгактарды грек соодагерлери алып келе башташканы белгилүү. Өзү ал негизинен байыркы Персиядан таркала баштаган деп да айтышат. Бирок, качан адамдар бул таттуу жаңгактар тууралуу биле башташканы белгисиз.
Адамдын мээсине окшош жаңгак

Страницы