Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Пайгамбардын табыпчылыгы

Кубат берүүчү азыктар

Кубат берүүчү азыктарга албетте белок, углевод жана майларга бай азыктар кирет. Өлчөмүнө жеткире тамактанбаган адамдын шайы кетип, башы ооруп, кыйналып жүрө бериши мүмкүн.
Ал азыктарга төмөнкүлөр кирет:
Майлар: Өсүмдүк майы, сары май, каймак жана башка курамында май кездешкен сүт азыктары кирет.
Майлуу азыктар: Эт, зайтун майы, жаңгак, жер жаңгак жана башкалар кирет.

Мээнин чайкалышы

Мээнин чайкалышынан улам жаралган баш оору, азыркыдай мезгил алмашып жаткан учурда катуу кармайт. Бул оорунун түрлөрү, коркунучтары тууралуу суроолорго Бишкек шаардык №1 оорукананын кан тамырлар жана травмотология бөлүмүнүн башкы дарыгери профессор, Пирогов атындагы ордендин ээси Арзыкулов Замирбек Сабырович жооп берет.
- Мээнин чайкалышы боюнча жалпы түшүнүк берип өтсөңүз.

Узак өмүр сүрүүнүн 8 шарты

Узак өмүр сүрүүнү бардык эле адамдар каалайт. Бүгүн көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болгон узак өмүр сүрүүнүн сегиз шартына назарыңыздарды бурабыз.

БӨЙРӨК ЭМНЕ ҮЧҮН ООРУЙТ?

Адамда эки бөйрөк бар. Мына ушул орган эмне менен азыктанат жана аны эмнелер ооруга туш кылат?
Суюктук. Бөйрөктүн калыптагыдай иштеши үчүн күнүгө 1,5-2 литр суюктук ичүү керек. Мүмкүн болушунча ашкана суусу болсо жакшы. Сүт, чай, компот ичүү да болот. Булар организмдеги ашыкча суюктукту чыгарып, бөйрөктө таштын пайда болуусунун алдын алат.
Кофе, таттуу жана газдалган суюктуктар бөйрөктү дүүлүктүрөт. Көп ичилген минералдык суу таштын пайда болушуна жеткирет.
Сыра бөйрөктүн клеткаларын бузат, ал эми дамамат сыра ичүүдөн бөйрөк оорулары жаралат.
Спорт

КАЛЬЦИЙ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Кальцийди адам тамак-аш аркылуу алып турат. Кальций клеткаларга азык катары зарыл. Адамдын организминдеги анын 1 пайызы гана клеткалар менен канда, калган 99 пайызы сөөктөрдө, тиште, тырмак, чачта болот. Организм канда аталган өлчөмдөгү кальцийдин болушун дайыма көзөмөлдөйт. Эгер өлчөмү азайса, анда аны сөөктөрдөн ала баштайт. Натыйжада остеопороз (сөөктүн морт болуп, бат сынууга жөндөмдүү болуп калышы), итий оорусу келип чыгат.
Кальций жүрөктүн кагышын жөнгө салып, кандын уюу процессине катышат. Нервдик чыңалууну азайтып, стресске каршы туруубузга жардам берет.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ КҮЧТҮҮ ЧӨП ЧАЙЛАР

Барган сайын дарттардын саны өсүп, ага жараша дары-дармектер да көбөйүп, дарыларга болгон бааны укканда маанай түшөт. Ооруларга каршы дары чөптөрдү өзүӊүз терип кургатып алып, үй шартында чай жасап ичсеӊиз, бир чети оӊой, экинчи жактан чөнтөккө да кыйынчылык келбейт.

WI-FI ден соолукка зыянбы?

Мезгилдин агымы менен жашообуз интернетсиз кызыксыз болуп бараткандай. Туташтыруучу зымсыз интернет талапка ылайык келип, аны үй шартында колдонгондордун саны күн санап өсүүдө. Илим изилдөөчүлөр болсо,Wi-Fiдын адамдын ден соолугуна канчалык зыяны бар экенин да аныкташкан. Wi-Fi түйүнү тууралуу кенен маалымат алыңыз.

Ден соолук үчүн пайдалуу кеңештер:

* Минералдык заттар нерв системасынын жана булчуң эттеринин иштешине, ошондой эле тиш, сөөктөрдүн өсүшүнө жана ашыкча салмактан арылууга көмөктөшөт.

* Стресстен арылуу үчүн магний көмөктөшөт. Ал нерв системасындагы стресс гормондорунун өөрчүшүн токтотот. Магний көбүнчө бананда, фасолдо болот.

* Чет элдик изилдөөчүлөр кальцийди көп пайдаланган адам тез арыктарын аныкташкан. Ал эми кальций сүттө, сырда, быштакта, йогуртта көп болот.

МАРГАРИНДИ АШЫКЧА КОЛДОНУУ ТҮРДҮҮ ООРУЛАРДЫ ЖАРАТАТ

Эмнени сүйүп жесек, дароо ал тамактын ордун алмаштыра турган экинчи нерсе иштелип чыгат. Себеби азык-түлүк, тамак-аш рыногунда ал нерсеге болгон талап жогору. Табигый азыктын үлгүсүндө иштелип чыккан тамак бир жагынан пайда алып келгени менен, экинчи жагынан сөзсүз зыянын тийгизери бышык. Кадимки сүттөн бөлүнүп алынган каймак майдын (сливочное масло) «түгөйү» маргарин кантип, качан пайда болгон, анын зыяны жана пайдасы эмнеде экенин ачууга аракет кылабыз.

АЧКАРЫН СУУ ЖЕ КӨК ЧАЙ ИЧСЕ АДАМ ЖАШАРАБЫ?

Учурда айрымдар жаштыкты узартабыз деп суу, көк чай ичүүнү адатка айлантып алышкан. Эл ичиндеги андай адаттардын кайсынысы туура, организмге зыяны жокпу деген суроолор.

Страницы