Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Пайгамбардын табыпчылыгы

Бий алма кандай касиетке ээ?

Бий алма протеин, шекер, органикалык кычкыл заттар, А, В2, С витаминдери жана темир, жез, калий сыяктуу минералдарга бай. Ал нерв системасын бекемдеп, тамак сиӊирүүнү жакшыртат. Тери менен тырмакты жылмакай жана жалтырак кылат. Сасык тумоого да жакшы жардам берүү менен тезирээк айыгууга шарт түзөт. Жүрөк, боор, тамак, ашказан, көз, ичеги ооруларына жакшы жардам берет. Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Курамында шекердин өлчөмү аз болгондуктан, кант диабети менен жабыркагандарга да пайдалуу.

Иран илимпозу рак илдетин аныктоочу биосенсор иштетип чыкты

Доктор Нима Шарийфи коллегасы Американын Case Western Reserve университетинен Джузеппе Стронг менен өзгөчө рак илдеттерин тез аныктоочу өтө сезгич биосенсордук нурду иштетип чыгарышкан. Бул биосенсор эң өнүккөн рак аныктоочуларына караганда бир миллион эсе сезгичирек келет. ISNA маалымат порталынын илимий бөлүмү кабарлайт: Жаңы ойлоп табылган бул наносенсор алаканга жайгаштыруу замат био тандоочу катары эң майда нанограммдык протеин маллекулаларын башка аралашмалардан кылдаттык менен суюлтуп бөлүп чыгарат.

ГЕПАТИТТИН A ТҮРҮНӨН САКТАНУУ!

Балдар менен чоңдордо көп кездешкен оорулардын бири гепатит. Анын жугуу жана дарылоо жолдору тууралуу врач-инфекционист Бурул Жаркынбаева айтып берет.
ГЕПАТИТ ДЕГЕН КАНДАЙ ООРУ?

ГАЙМОРИТ – СУУК ТИЙҮҮДӨН ЖАНА САСЫК ТУМООДОН ЖАРАЛАТ

Кыш түшкөндөн тарта суукта көп жүргөндө жана сасык тумоону өтүштүрүп жибергенде гайморитке кабылуу коркунучу жогорулайт. Дене табын жогорулатып, ириӊ чимкиртип кыйнаган оорунун себептери, айыктыруу жолдору тууралуу Бишкектеги Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүнүн адиси Нуржан Шабданбаева баяндайт.
ГАЙМОР КӨӉДӨЙЧӨЛӨРҮ ЭМНЕДЕН СЕЗГЕНЕТ?
Суук тийүүдөн

ЖӨТӨЛДӨН БАЛ МЕНЕН ЛИМОН КУТУЛТАТ

Суук түшөрү менен жөтөл да козголот. Андыктан жөтөлүп калсаңыз, дароо дарыканага чуркабай туруңуз. Аны күчөй электе элдик ыкма менен да тып басууга болот. Ачуу дарыларга караганда элдик ыкмада бал, сүт да колдонулгандыктан мурдуңузду чүйрүбөй иче аласыз.
Оттуу сүт. 7 баш пиязды майда төрт чарчы туурап, ага майдаланган 1 тиш сарымсакты кошуу кажет. Үстүнө 500 грамм сүттү куюп, пияз жумшаргыча кайнатуу керек. Анан 1-2 аш кашык балды кошуп 1 саат тыныктырып, сүзүп аласыз да, даяр болгон сүттү 5 маалга бөлүп жылытып ичесиз.

ГАДЖЕТТЕРДИН ЗЫЯНЫ

Учурда чоӊдорду эле эмес, жаш балдарды да гаджетсиз элестетүү кыйын. Балдардын электрондук техникаларга, гаджеттерге тартылуусун психологдор «ичкиликке жана баӊгизатка берилүүгө барабар» дешет. Мындай илдеттен баланы кантип алыстатууга болот? Психологдордун кеӊешине кулак салалы.
ГАДЖЕТТЕРДИН ОӉ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ
Аӊ-сезиминин, дүйнө таанымынын өсүүсүнө жардамы тиет. Анткени техниканын өнүккөн заманында балдар үчүн атайын оюндар иштелип чыккан. Алар аркылуу таанып-билүү, көрүп эстеп калуу, тапкычтык жөндөмү өсөт.

Нервди калыбына келтирүүдөгү эң жеңил ыкмалар

Психолог адистеринин айтымдарында, жылдын этегинде декабрь айынын акыркы эки аптасында нервке күч келип, чыңалып, ачуулуу болуп чыга келесиз. Буга, жумуш, үй бүлөдөгу майда- барат иштер, дүкөндөрдөгү кезек күтүулөр, белек издөө, жаңы жылдык кечеге кийим издөө жана башка дагы ушул сыяктуу себептер бар. Андыктан нервди калыбына келтирүүнүн эң жеңил ыкмаларын үйрөнүп, колдонуңуз.

Сүрөттөрдү боёңуз

ЭСКЕ САКТОО ЖАНА АКЫЛДЫН КУРЧТУГУ ҮЧҮН ЖЕМИШТЕР

Күн сайын эки 2 жолку тамактануусунда жемиш колдонгон 65 жаштан жогорку жаштагы адамдардын эске тутуу деңгээли күнүмдүк тамактарында жемиш жебеген теңтуштарына караганда бир кыйла жогору. Мындай жыйынтыкты атайын изилдөөлөр далилдейт.

Көрсө, капуста, шпинат сыяктуу чоң жалбырактуу жашылча жемиштер алда-канча пайдалуурак экен. Муну окумуштуулар алардын курамындагы Е витаминин жана жогорку антиоксиданттын камтылышы менен байланыштырат.

“Акылдуу” дарылар адамды акылдуу кылабы?

“Акылдуу” дары деп аталган дары-дармектер барган сайын популярдуу болуп баратат, айрыкча студенттердин арасында. Бирок алар канчалык жардам берет жана коопсуз?
Мен андай дарылар жөнүндө биринчи жолу курбу кызымдан билдим. “Муну баары эле кылышат. Бул болгону оюңду бир жерге топтоого жардам берген таблетка”, - деди ал.
Көрсө таблеткалар ага айрыкча маанилүү күндөрү оор иштерди жасоого керек экен.
Көп психостимуляторлор ар кандай ооруларды дарылаган кадимки дары-дармек болуп саналат.

ЭМНЕ ҮЧҮН АДАМ ҮШҮКЧӨӨЛ БОЛОТ ?

АНЕМИЯ Эгер адам анемиядан жабыркаса же гемоглобиндин өлчөмү төмөндөп кетсе үшүй баштайт. Анткени кандын айланышы жайлап, организмди кычкылтек жана керектүү азык-заттар менен жабдуу процесси бузулат. Мындай болгондо организм жылынуусу үчүн аргасыз кан тамырларды кеӊейтип, кандын айланышын батыраак жүргүзөт. Кан менен кошо жылуулук берүү күчөп, адамдагы жылуулук запасы жоголот да, адам үшүкчөөл болуп чыга келет.
Эмне кылуу керек?

Страницы