Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Пайгамбардын табыпчылыгы

Профессионалдык стресстен кантип сактануу керек?

Стресс бардык оорулардын башаты болуп эсептелинет. Күнүмдүк көйгөйлөрлөрдөн, кайгы-кападан улам адамдын маанайы төмөндөп, бара-бара стресске кабыларын баарыбыз эле билебиз. Бирок көпчүлүк адамдар профессионалдык стресс деп аталган стресс да адамды оор абалга алып келээрин эске алышпайт.

Кайсы өсүмдүктүн ширеси адамды жашартат?

Көк чайдын пайдасын көпчүлүк биле бербесе керек. Көк чай жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучун азайтат. Анын курамындагы фтор тишти бекемдөөгө жана кариестин алдын алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми антиоксиданттар организмдеги клеткалардын бузулуп кетпешинен сактайт.
Сабиздин ширеси. Сабиздин ширесиндеги лютеолин заты сезгенүүгө, ар түрдүү аллергияга жана ракка каршы касиеттери бар.

Карылыкка жашыңдан кам көрүп, ден соолукту сактоого умтул

Кээ бир тоту куштар жүз жылга чейин жашаса, чычкандар үч эле жыл жашайт. Жашоо мөөнөтү боюнча мындай айырмачылыктан улам кээ бир биологдордо, карылыкты чакырган кандайдыр бир себеп бар, эгер ал билинсе, аны жоюуга болот деген ой жаралган. Ал эми адамдын картаюу процесси окумуштуулар тарабынан иликтенип жүргөн менен алигиче так жыйынтык жок. Коомчулукта болсо дененин жаштыгы менен курактын жаштыгын алмаштырып жүргөндөр да жок эмес. Дегеле карылык эмне, карылык доорду кандай сүрүү керек.

ТЫНЧ УЙКУНУ ШАРТТООЧУ 10 ЭРЕЖЕ

1-ЭРЕЖЕКапталыңыздан жатыңыз. Изилдөөчүлөр "чалкалап жатып уктоо зыяндуу жана коңурук тартууну шарттайт, ал эми капталынан жатып уктаганда мээ ар кандай токсиндерден жакшы тазаланат" дешет. Бирок адам уктап жатканда кандай абалда жатканын көзөмөлдөй албайт. Андыктан жатарда кийип жатчу кийимиңизге эки далынын ортосуна чөнтөкчө тигип, ага теннистин тобун салып коюңуз. Бул ыкма сиздин эки капталыңыздан жатып уктооңузга көмөктөшөт.
2-ЭРЕЖЕ

ОРГАНДАР ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЫЛДЫЙ ТҮШҮП КЕТЕТ?

Ар бир органдын өзүнүн белгилүү бир жайгашкан орду бар. Бирок органдар ордунан ылдый түшүп кеткен учур да кездешет. Эмне себептен мындай болот деген суроого адистер жооп беришет.

ИЧЕГИ ЖАНА АШКАЗАН

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын гастроэнтерологу Элвира Жакишова эмне себептен ичеги менен ашказан түшөт деген суроого жооп берет.

СУУДА СҮЗҮҮ ЭҢ ПАЙДАЛУУ МАШЫГУУ

Сууда сүзгөн адамдын бардык денеси кыймылда болот. Бул кары-жашына да, даярдыгы бары-жогуна карабай да ар бирине пайдалуу кыймылдар. Адистердин айтымында, сууда сүзүү организм үчүн эң пайдалуу машыгуу.

Дененин бардык булчуңдары кыймылдайт
Сүзүүдө адамдын негизги булчуңдары иштегени менен, чарчоого же ооруксунууга алып барбайт. Анда төш зонасы, кол, ийин, сан жана жамбаш кыймылда болуп, моюн жана кол жактагы муундарга ийкемдүүлүктү берет.

‎Оорубайм десеңиз, билип алыңыз

Организмди кальций менен толуктап, сөөктү бекемдегиңиз келеби. Ал үчүн бышкан жумуртканын кабыгын таштабастан аны кофе майдалагычка салып ун болгуча майдалап, тамакка ¼ чай кашык кошуп, күнүнө 2-3 жолудан колдонуш керек.
* Минералдык заттар нерв системасынын жана булчуң эттеринин иштешине, ошондой эле тиш, сөөктөрдүн өсүшүнө жана ашыкча салмактан арылууга көмөктөшөт.
* Стресстен арылуу үчүн магний көмөктөшөт. Ал нерв системасындагы стресс гормондорунун өөрчүшүн токтотот. Магний көбүнчө бананда, фасолдо болот.

БӨЙРӨКТҮ ИШТЕН ЧЫГАРУУЧУ 10 ФАКТОР

Кийинки кезде өлкөбүздө бөйрөгү ооругандар, ал тургай бөйрөгү иштен чыгып, аны алмаштырууга, ага алы жетпесе гемодиализ аппаратына көз каранды болгондордун саны өсүүдө. Буга себепкер эмнелер? Окумуштуулар бул жаатта негизги 10 факторду көрсөтүшөт. Аларды билип, бөйрөгүңүздү мүмкүн болушунча эрте сактоого тырышыңыз.
ЭТТИ, СҮТ-АЙРАНДЫ КӨП ИЧИП-ЖЕШ
Күндөлүк менюга белоктуу азыктарды, алып айтсак, этти, жумуртканы, сүт-айранды көп колдонууда бөйрөктүн иштеши начарлайт. Тамакты түрлөп, жашылча-жемишти кошуп жеш керек.
ГАЗДАЛГАН ТАТТУУ СУУСУНДУКТАРДЫ ДАЙЫМА ИЧҮҮ

Тиш эмнеге саргарат жана кантип алдын алса болот?

Акыркы учурда көпчүлүктүн жүзүндө “ак тиштүү голливуд жылмаюусу” пайда боло баштады. Бул кыйыр да туз да мааниде айтылууда. Жаркыраган тиш эстетикалык гана эмес, психологиялык дагы зарылдыкка айланган чагы.
Деген менен бардыгы эле табияттан берилген ак тиш менен сыймыктана албайт. Саргарган тиш чылым чегүүдөн же кофе ичүүдөн пайда болот деп дайым эле айтууга болбойт.
1. Генетика
“Тиштин өңү ар бир кишиники ар башка. Төрөлгөндө эле тиштин түсү кандай болору ген аркылуу келет”, - дейт Испаниядагы стоматологиялык колледж жетекчиси Оскар Кастро Рейно.

АРТРИТ – БИР МУУНДУН, ПОЛИАРТРИТ – КӨП МУУНДУН СЕЗГЕНИШИ

Жазында козголуучу оорулардын бири – артрит. Андыктан бул убакта «колу-бутум түнү менен какшап чыкты», «буттарым бүгүлбөй калыптыр» дегендер көп болот. Минтип адамдарды бушайманга салып, кыймылын чектеген оорулар өз ичине кандай сырларды камтырын Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, ортопед, академик Сабырбек Жумабековдон сурап билдик.МУУН КАНДАЙ УЧУРДА СЕЗГЕНЕТ?

Страницы