Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Пайгамбардын табыпчылыгы

АШКАЗАН ЖАНА ИЧЕГИ ЖАРАСЫ КӨПКӨ АЧКА ЖҮРҮҮДӨН ЖАРАЛАТ

Учурда ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусу менен ооругандардын 70-90 пайызынын дарты дары-дармек менен айыкпайт же уламдан-улам кайталанып кармай берет. Буга туура эмес тамактануу, стресстин көптүгү, экологиянын начарлашы, жашылча-жемиштердин химиялык жер семирткич менен өстүрүлүп жатышы жана башкалар себеп болууда. Ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусунун өнөкөткө айланган, курч кармаган түрү бар.

ОСТЕОПОРОЗ – КАЛЬЦИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН СӨӨКТҮН МОРТ БОЛУШУ

Остеопороз – бул организмдеги фосфор-кальций алмашуусунун негизинде жаралган сөөктүн морттугу (борпоңдугу). Мындай сөөк бат сынма болуп калат. ООРУНУН СЕБЕПТЕРИ • Күндөлүк тамак-ашта курамында кальций жана D витаминдери бар азыктардын жетишсиздиги. Организмде D витамини жетишсиз болсо, тамак-аш аркылуу кирген кальций толук сиңбейт. 5-8 пайызы гана сиңет. Аталган витаминдин жетишсиздиги көбүнчө балдарда итийди, чоңдордо остеопорозду жаратат. • Ички бездердин оорусу (эндокриндик оорулар). Гормоналдык системдин иштөөсүнүн бузулушу сөөктөрдөгү кальцийдин жуулуп кетишин шарттайт. • Климакс.

Сүлүктүн шилекей безинде 130 биологиялык активдүү ферменттер бар

Сүлүк курттар аркылуу канды чыгарып дарылоо ыкмасы “гирудотерапия” XX кылымда ар кыл химиялык дарылардын чыгышы менен колдонуудан калган.— Гирудотерапия деген эмне жана дарылоодо кандай ыкмалар колдонулат?—Гирудотерапия-бул сүлүк курту менен дарылоо, башкача айтканда медициналык ыкманын бир түрү. “Гирудо” сөзү латын тилинен которгондо, “сүлүк” дегенди түшүндүрөт. Жаратылышта сүлүктөрдүн 650дөй түрү бар. Алар 3 топко бөлүнөт; жапайы, лабораториялык жана маданий.

Туура эмес тамактануу жүрөк оорусуна себеп

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 14.5 млн адам жүрөк оорусунун курмандыгы болот. Адистердин айтымында, бул көрсөткүч 2030-жылы 23 миллионго жетиши мүмкүн. Кыргызстанда жылына 18 минден ашуун жаран жүрөк оорусунан улам көз жумат. -Жүрөктүн булчуңу, клапан жана кан тамыр ооруларынын бир нече түрү бар. 1980-жылдарга салыштырмалуу өнүккөн өлкөлөрдө аталган илдетке чалдыккандардын саны эки эсе кыскарган. Буга алдын алуу жана жеке жарандык көзөмөл түрткү болду. Бизде жүрөктүн кан тамыр оорусу көп кездешет. Мурункуга салыштырмалуу жүрөк оорусу менен жабыркагандар көбөйүүдө.

АШКАЗАН ЖАНА ИЧЕГИ ЖАРАСЫ КӨПКӨ АЧКА ЖҮРҮҮДӨН ЖАРАЛАТ

Ашказан жана 12 эли ичеги жарасынын жаралуусу жана дарылап айыктыруу жолдору тууралуу Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Абдрасул Калжакеев айтып берет.

БАШТЫН КАН ТАМЫРЫ ИЧКЕРГЕНДЕ ЭС-ТУТУМ НАЧАРЛАП, КУЛАККА ҮН УГУЛАТ

Көпчүлүк адамдар баш оорудан азап тартат. Катуу ооруганда башы айланып, көрүүсү убактылуу начарлап, колу-буту чымырайт, жансызданат. Ал тургай эстен танып калуусу да мүмкүн. Мындайда врачтар "мээдеги кан тамырлар ичкерип кеткен" деп айтышат. Бул эмнеликтен келип чыгарын Бишкектеги Улуттук госпиталдын №3-неврологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Жамалбек Тургумбаев баяндайт.

ТУЗ МЕНЕН РОМАШКА ГАЙМОРИТТИН ЖАНА РИНИТТИН АЛДЫН АЛАТ

Ириң чимкиртип кыйнаган гаймориттин жана мурундан суу агызган риниттин алдын алууга, ал тургай жаңы башталганын үй шартында токтотууга болот. Бул үчүн эмнелер керектигин Бишкектеги №19-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун отоларинголог врачы Динара Узакбаева баяндайт.
ГАЙМОРИТ (СИНУСИТ)
Гайморит – бул мурун жанындагы гаймор көңдөйлөрүнүн биринин же экөөнүн тең сезгениши. Сезгенгенде мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет да, былжыр сыртка чыкпай, гаймор көңдөйчөсүнө топтолот. Топтолгон массада бактериялар же вирустар көбөйүп, сезгенүүнү жаратып, ириңдейт.

АНТИБИОТИКТЕР – МИКРОБДОРГО КАРШЫ КҮРӨШКӨН ДАРЫЛАРДЫН ТОПТОМУ

Бактериялык, инфекциялык ооруларды дарылоо үчүн антибиотиктер колдонулат. Антибиотиктер табигый, жарым синтетикалык жана синтетикалык болуп бөлүнөт. Ар бир дарынын таасири жана колдонуу эрежелери бар. Бул туурасында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун терапевти Гүлкайыр Жакыпова маалымат берет.

ТҮРДҮҮ ИЛДЕТТЕРДИ АЙЫКТЫРУУДА КОЛДОНУЛАТ

Шафран (кызыл алтын)

Шафран дары катары колдонула турган гүл өсүмдүгү жана анын “кызыл алтын” деп аталганын себеби, ал өтө пайдалуу болгондуктан баасы дагы ошончолук жогору турат.
Бул өсүмдүк Ирандын айрым аймактарында өстүрүлөт. Ирандан сырткары шафран гүлү Испания, Италия жана Грецияда да өстүрүлөт. Бирок шафранды ири өндүргөн Ирандын чыгышында жайгашкан Хорасан аймагы (90%) болуп эсептелет. Ал эми экинчи орунда Испания, андан соң Индия, Сингапур, Малазия жана Япония өлкөлөрү кирет.
Шафран гүлү өтө кооз жана назик келет жана анын чачыктары гана пайдалуу дары катары колдонулат.

Мээге пайдалуу алты азык

Лосось балыгы, ашкабактын уругу, жумуртка, кара моюл, кара шоколад, деңиз капустасы сыяктуу курамында йоду бар деңиз өсүмдүктөрү. Эгер сиз эс тутумуңузду бекемдейин, ой концентрациямды жана мээмдин иштөөсүн жакшыртайын десеңиз, жогоруда аталган азыктарды такай жеп турууңуз абзел.

Страницы