Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

Пайгамбардын табыпчылыгы

БАЛАНЫН ИММУНИТЕТИН КАНТИП КӨТӨРҮҮ КЕРЕК?

ИММУНИТЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?Адамдарбы, жаныбарлар болобу, баарында иммундук систем бар. Жаныбарлар сыяктуу эле адамда да ал систем организмдин бүтүндүгүн сактоодо башкы ролду ойнойт. Башкача айтканда, организмди тамак-аш, аба, кесилген-тытылган терибиз аркылуу кирип кеткен генетикалык бөтөн заттардан (вирус, бактерия, козу карын сымалдар, мителер) коргоп жана аларды жок кылып турат. Ошондой эле организмдеги картайган жана катардан чыккан, мисалы, жаракаттан улам, клеткаларды да жок кылып турат. Кыскасы, иммундук систем дароо жана так адашпай генетикалык чоочун заттарды таанып, жок кылат.

БАШ МЭЭНИН КИСТАСЫ

МЭЭНИН КААЛАГАН БӨЛҮГҮНДӨ ЖАРАЛАТ Баш мээнин кистасы (барсылдагы) кеңири жайылган жана коркунучтуу оору. Киста – бул ичинде суюктук толгон барсылдак, ал мээнин каалаган бөлүгүндө болушу мүмкүн. Көбүнчө мээ менен аны каптап турган кабыкчалардын ортосунда жаралат (арахноидалдык түрү). Анткени ал жер назик жана сезгич келип, сезгенүүлөргө жана жаракатка кабылууга жакын болот. Бул дарт узак жылдар бою өзү тууралуу кабар бербеши мүмкүн. Башкача айтканда, акырындап оорутпай чоңоё берет. Качан гана чоңоюп калганда тегеректеги мээни кысып, оорунун белгилери билинет.

БУТ ЭМНЕДЕН ШИШИЙТ?

Бутуңуз бут кийимге батпай шишип, баскан сайын ыңгайсыздык жараткан учурлар болобу? Сиз буга кээде көңүл бурасыз, кээде бурбайсыз, туурабы? Бут шишүүнүн себептерин Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков айтып берет. АЗ УБАКЫТКА ШИШИСЕ (мисалы бир нече саат же бир күн) Бут көпкө баскандан, узакка тике тургандан улам шишийт. Ыңгайсыз бут кийим менен бассаңыз, бийик така кийип жүрсөңүз да бул абалга тушугасыз. Көпкө бутту салаңдатып, отуруп иштөөгө мажбур болсоңуз, бутту узакка кайчылаштырып отурсаңыз бут шишип баштайт.

Хижама деген эмне? Ал ден соолукка кандай таасир этет?

«Хижама» сөзү, «аль-халжм» сөзүнүн тамырынан келип чыгып, «сордуруу» деген маанини билдирет. Хижама – бул ар кандай ооруларды, кан чыгаруу жолу менен дарылоонун бирден-бир байыркы ыкмасы. Өзүнүн жөнөкөйлүгү жана натыйжалуулугунун аркасында, организмден бузулган канды чыгаруу жолу менен, көптөгөн оорулардан арылса болот.

ЫСЫКТАН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?

Качан абанын температурасы адамдын дене температурасынан өйдө болгондо организмде терморегуляция процесси (денедеги жылуулукту бир калыпта сактоо) бузулат. Бул жүрөк-кан тамыр системине күч келтирет. Андыктан ысыкты жакшы көргөндөр дагы аптаптан коргонуу чараларын көрүүсү кажет.

БЕЛ ООРУЛАРЫ

Окумуштуулардын айтымында, жакында бели ооругандар сан жагынан жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийинки эле 2-орунга чыгат дешүүдө. Сөз болуп жаткан оорунун түрлөрү жана келип чыгышы тууралуу Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор, ортопед- вертебролог Жаныш Сулайманов баяндайт. ОСТЕОХОНДРОЗ Эмне болгон оору? Оору омурткалардын арасында жайгашкан кемирчектердеги зат жана кан алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Себептери.

ТУУРА ТАМАКТАНУУ КӨП ООРУНУН АЛДЫН АЛАТ

Бүгүнкү туура тамактанганыңыз эртеңки чың ден соолугуңузду шарттайт. Себеби жакшы тамактануу – организмди керектүү заттар менен чыңдап, көптөгөн оорулардан сактап, сергек жашоо тартуулайт. “Ден соолуктун чың болушу үчүн 80 пайыз туура тамактануу, 20 пайыз спорт” керек дейт туура тамактануу боюнча кеңешчи Калыбек Баякунов. Бул боюнча дагы эмнелерди билүүбүз керек, анын кебине кулак салалы. ТУУРА ТАМАКТАНУУНУН НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕРИ 1. Күн чыккандан күн батканча 5-6 маал тамактануу керек. 2. Тамактын өлчөмүнө эмес, пайдалуулугуна кароо керек.

ОСТЕОПОРОЗ – КАЛЬЦИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН СӨӨКТҮН МОРТ БОЛУШУ

Остеопороз – бул организмдеги фосфор-кальций алмашуусунун негизинде жаралган сөөктүн морттугу (борпоңдугу). Мындай сөөк бат сынма болуп калат.

АШКАЗАН ЖАНА ИЧЕГИ ЖАРАСЫ КӨПКӨ АЧКА ЖҮРҮҮДӨН ЖАРАЛАТ

Учурда ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусу менен ооругандардын 70-90 пайызынын дарты дары-дармек менен айыкпайт же уламдан-улам кайталанып кармай берет. Буга туура эмес тамактануу, стресстин көптүгү, экологиянын начарлашы, жашылча-жемиштердин химиялык жер семирткич менен өстүрүлүп жатышы жана башкалар себеп болууда. Ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусунун өнөкөткө айланган, курч кармаган түрү бар.

ОСТЕОПОРОЗ – КАЛЬЦИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН СӨӨКТҮН МОРТ БОЛУШУ

Остеопороз – бул организмдеги фосфор-кальций алмашуусунун негизинде жаралган сөөктүн морттугу (борпоңдугу). Мындай сөөк бат сынма болуп калат. ООРУНУН СЕБЕПТЕРИ • Күндөлүк тамак-ашта курамында кальций жана D витаминдери бар азыктардын жетишсиздиги. Организмде D витамини жетишсиз болсо, тамак-аш аркылуу кирген кальций толук сиңбейт. 5-8 пайызы гана сиңет. Аталган витаминдин жетишсиздиги көбүнчө балдарда итийди, чоңдордо остеопорозду жаратат. • Ички бездердин оорусу (эндокриндик оорулар). Гормоналдык системдин иштөөсүнүн бузулушу сөөктөрдөгү кальцийдин жуулуп кетишин шарттайт. • Климакс.

Страницы