Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Орозо

Орозонун казасы

Рамазан айынын бир же андан артык күндөрү орозо кармай албаган адам кийин мунун казасын аткаруусу керек. Башта айтылгандай, оору-сыркоо, жолоочулук, хайз же нифас өңдүү себептер менен, же атайылап, жаңылып болобу, ниет кылбай коюудан улам орозо кармалбай, анын казасын аткаруу зарыл.

ОРОЗОНУН МААНИСИ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Ислам дининин беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелет. Орозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу.

ОРОЗО КИМДЕРГЕ ПАРЗ?

1. Акыл-эси жайында балагатка жеткен мусулман баласы үчүн орозо кармоо парз. Маалым болгондой, эркек баланын түшүркөөсү, кыз баланын этек кирин көрүшү балагаттын белгиси. 15 жашка чыккан улан-кыздар мындай белгилерге тушукпаса да алар балагатка жеткен болуп эсептелет. Ошондой эле орозонун ибадат болгондугун түшүнгөн бала орозо кармаса, анын орозосу (сахих) толук кандуу орундалган болуп саналат.
2. Орозо кармоого күчү жеткен адамга орозо кармоо парз. Ал эми оор ооруга чалдыккан адамга, орозо кармоого кудурети жетпей турганчалык алсыз карыяларга орозо кармоо парз эмес.

ЭТЕК КИРИ ЖАНА НИФАС АБАЛЫНДАГЫ АЯЛ КИШИНИН ОРОЗОСУ

ЭТЕК КИРИ ЖАНА НИФАС АБАЛЫНДАГЫ АЯЛ КИШИНИН ОРОЗОСУ
Этек кири жана нифас абалындагы аял кишинин орозо кармашы жана намаз окушу арам.
Орозо учурунда этек кири көрсө, орозосу бузулган болот. Андан кийин шам намазына чейин орозолорун улантуулары туура эмес. Рамазанда орозосун кармай албаган аял киши тазалангандан кийин орозосун каза кылат. Ал эми бул учурда окубай калган намаздарын каза кылуунун кажети жок.

ОРОЗОНУН МААНИСИ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Ислам дининин беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелет. Орозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу.

Орозого ой жүгүртөлү

Алла Таала кыямат күнүндө орозо кармаган адамдарга өзгөчө сыйлык ыйгараарын билебиз. Ал адамдар бул дүйнөдө напсисин тыйышып, элдер ток жүргөндө ачка жүрүшкөн. Адамдар суусундугун кандырып жатканда сууга чанкып турушкан. Ак никелүү аялдарынан да күндүзү Аллага итаат кылып алыс болушкан. Ошол адамдарга Алла Таала Өзүнүн ыйык китебинде кайрылган аяттарынан кабарсыз калып, кайдыгер болуп калбайлы. Ар бир аятын маани берип, терен ойлонуп окуйлу.

Алла Таала айтты : Өткөн күндөрдө калтырган жакшылыктарыңар үчүн “Жегиле, ичкиле, тамагынар таттуу болсун!”

Гыйбат .

«Гыйбат» – деген сөз кыргыз тилинде «бирөөнүн артынан жамандоо, ушактоо» деген маанилерди туюнтат.Бул «бирөөнүн артынан ал жактырбай турган, жаман көргөн кемчилигин же айыбын сүйлөө» дегенди билдирет жана ал чоң күнөөлөрдүн бири болуп эсептелет. Гыйбат – бул кимдир кимдир бирөөнүн кийим-кечеси, кебете-кешпири, адеп-ахлагы, дос-туугандары, керек болсо анын турак-жайы, колдонгон унаасы сыяктуу кандай гана жагдайда болбосун, ошол адамды ушактоо, анын артынан жамандоо.

Орозонун коомдук пайдасы

Орозонун жеке оозу бек адамга гана эмес, жалпы коомчулукка да пайда келтирет. Орозо – эл ичиндеги бардар, бай адамдар менен жарды-жалчынын арасында тыгыз байланыш түзөт. Көбүнесе бардар адамдар жаштайынан өмүрдүн ысык-суугун, оор тиричиликти баштарынан өткөрүп, бирөөгө милдет артпай өскөндүктөн, күйүмдүүлүк сезимден алысыраак келишет. Бул «ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала ач калам деп ойлобойт» дегендей сөз.

ИСЛАМДЫК ЖООПКЕРЧИЛИК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жоопкер адам Ислам укуктук илиминде «Мукаллаф» деген термин менен белгиленип келген. Ал, Алла Тааланын буйруктарын аткарууга жана тыюу салган нерселеринен оолак болууга милдеттүү адамды көрсөтөт. Исламдык жоопкерчиликтин атайын шарттары бар.

Рамазан жана орозо

Исламдын беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелетОрозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу.

Страницы

Подписка на RSS - Орозо

Календарь

Пн
Вт
Ср
Чт
Пт
Сб
Вс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 
July 2018
 

Ай календары

Шавваль - Зуль-ка да 1439
Вс Пн Вт Ср Чт Пт Сб
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18