Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Америка, Улуу Британия жана Франция Сирияга чабуул жасады

Американын президенти 14-апрел күнү таң эрте Сирияга чабуул жасоого буйрук берди.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Дональд Трамп мындай деген: Жанараак мен Башар Асаддын химиялык курал колдонгондугуна байланыштуу Американын Куралдуу кучтөрүнө Сириянын аймактарына карата операция жасоого буйрук бердим. “Биздин армия Франция, Улуу Британия аскерлери менен биргеликте иш аткарышууда. Биз бул эки өлкөгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бүгүн кечинде кол салуубуздун далилдери тууралуу сүйлөшмөкчүбүз.”

Белгилей кестек, бул билдирүүлөрдүн негизинде айрым маалымат булактар Дамаскта катуу жарылуу болгонун кабарлашкан. Ал эми сириялык маалымат каражаттары бир нече ирет атылган Томахок ракеталарына карата абадан коргонуу болгонун билдиришти. Ошондой эле Сирия телеканалдары Дамаск аэропорту талкалангандыгы тууралуу кабарды жокко чыгарышты. Бул маалымат булактар Хомс провинциясына дүрмөттөлгөн бардык ракеталар абадан атып түшүрүлгөнүн жана бардыгы болуп аттырылган 13 ракета абадан түшүрлгөнүн маалымдашкан.

CNN агенттиги Пентагондун жетекчилеринин маалыматтарына таянуу менен Сирия операциясында америкалык кемелер менен учактар колдонулуп жатканын билдирди.