Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

“Жерди кайтаруу” демонстарциясынын үчүнчү аптасында 100гө чукул палестиналыктар жарадар болушту

“Жерди кайтаруу” деп аталган акциянын үчүнчү аптасына арналган демонстарция миңдеген палестиналыктардын катышуусунда Палестина байрагын желбиретүү жана Израилдин байрактарын өртөө жөрөлгөлөрү менен өттү.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 194-токтомунун 11-беренесинин негизинде “палестиналык качкындардын мекендерине кайтуу укуктары” деп аталган мыйзамына ылайык Газадагы палестиналыктар үчүнчү жумада демонстарция өткөрүшүүдө.

Белгилей кетсек, өткөн 3 аптада 32 палестиналык курман болуп, 3 миңден ашууну жаракат алышкан. Берилген видеоматериалдарга ылайык сионисттик аскерлер палестиналыктар тарапка ырайымсыз ок атышкан. Ал эми жума күнү башталган демонстарция убагында отурукташкан сионисттер Акраба аймагындагы бир мечитти өрттөп жиберишкен. Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин Газа секторуна жакын жерде 363 палестиналык жаш чыгаруучу газдан жарадар болушканын билдирген.

Эске салсак, 13-апрелде өткөн “Жерди кайтаруу” демонстарциясында 28 жаштагы бир палестиналык жигит сионисттик аскерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн.