Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

РФнын АКШдагы элчиси: Вашингтондун Сириядагы аракеттери жоопсуз калбайт

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Батыш коалициясынын Сирияга жасаган соккусун “алдын-ала даярдалган сценарий” деп атап, бул иш-аракет натыйжасыз калбайт деп билдирди.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Ал бул аракетти “алдын-ала даярдалган сценарий” деп атап, АКШ, Франция жана Британия тарабынан ишке ашырылды деди. “Өтө жаман чочулоолор ишке ашырылды. Биздин эскертүүлөргө көңүл бурулбады. Биз мындай иш-аракеттер жоопсуз калбайт деп эскерткенбиз “,-деп айтылат элчинин билдирүүсүндө.

Антоновдун айтымында, бул аракет үчун толук жоопкерчилик Вашингтон, Лондон жана Париждин мойнунда. “АКШ - химиялык куралдардын ири арсеналынын ээси – башка өлкөлөрдү айыптоого эч кандай моралдык укугу жок”, -деп кошумчалады орусиялык дипломат.