Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Америка Сириянын кайсы аймактарына чабуул жасады?

Американын коргоо министрлиги Сириянын айрым аймактарына аскердик чабуул жасаганын кабарлады.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Америка президенти өз өлкөсүнүн армиясы Улуу Британия, Франция аскерлери менен биргеликте Сириянын аймактарына чабуулун баштаганын билдирген.
Белгилей кетсек, америкалык жетекчилер 100-120 ракеталар Сириядагы аскердик базаларга аттырылганын кабарлаган. “Аль-Маядин” агенттиги бул чабуулдар 50 мүнөткө созулганын такташкан.
Лондондо жайгашкан “Сириянын Адам Укуктарын Коргоо уюму” Батыш коалициясынын ракеталары Илимий изилдөө борборлоруна, президенттик гвардияга тиешелүү болгон аскердик базаларга, Дамасктагы төртүнчү аскерге жана анын тегерегиндеги аскерлерге аттырылганын жарыялаган. Ошондой эле майдандык маалымат булактар айрым ракеталар Хизбуллага тиешелүү базаларга аттырылганын белгилешкен.

Ал эми Улуу Британиянын Коргоо министрлиги бул аскердик операциясында өлкөнүн 4 Торнадо учагы Storm Shadow ракеталарын Хомстогу аскердик базаларга аттырылганын билдирген. Американын биргелешкен аскердик штабынын генералы Жозеф Данфорд бул чабуул тууралуу кабарчыларга мындай деп билдирген: Операция Сириянын үч негизги химиялык борборлоруна жасалды; биринчи Дамасктан тышкары жайгашкан илимий изилдөө борбору, экинчиси Хомс шаарынан тышкары жайгашкан химиялык куралдардын ири кампасына жана үчүнчүсү Буйрук берүү борборуна чабуул жасалган.