Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Египетте 36 экстремист өлүм жазасына өкүм кылынды

Египеттин аскердик трибуналы өлкөдөгү чиркөөлөргө кол салгандыгы үчүн айыпталган ИШИМдин 36 мүчөсүн өлүм жазасына кести.

Мындай маалыматты Fars агенттиги жазды. Египеттин мыйзамына ылайык, сот акыркы өкүм чыгаруу үчүн өлкөнүн муфтийинин корутундусун алышы керек. Айыпталуучулар 2016-2017-жылдарындагы Каир, Александрия жана Танта шаарларындагы чиркөөлөрдөгү жардырууларга байланыштуу өлүм жазасына тартылат.

Бул кол салууларда жүздөгөн адамдар каза болуп, жаракат алышкан. Youm7 агенттигинин маалыматына караганда, бул иш боюнча жалпы 48 киши айыпталган, бирок алардын 12си качып кеткен.