Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Орусия Америкага Сирияга чабуул жасоосу боюнча эскертүү берди

Орусия жетекчилиги Америка менен анын шериктештеринин Сирияга каршы аскердик чабуул жасоосуна эскертүү берип, кандай гана чабуул болбосун жоопсуз калбасын баса белгиледи.

Mehr агенттиги ТАСС маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Орусиянын ЕБдеги туруктуу өкүлү Москва Вашингтонго Сирияга чабуул жасоосу боюнча эскертүү жасаганын жарыялады.
Берилген маалыматтарга караштуу, Владимир Чижов европалык прессага берген маегинде Москва бийлиги Вашингтонго Сирияга кандайдыр бир аскердик чабуул жасоодон оолак болуусун эскерткенин билдирген.

Белгилей кетсек, мурдараак Орусиянын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Михаил Богданов Американын Сирияга аскердик кол салуусу оор натыйжаларга ээ болоорун жарыялаган эле.
“ Вашингтондун Сирияга аскердик кол салуусу жоопсуз калбайт”,- деп баса белгиледи Орусия ДУМАсынын Коргоо комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов.