Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Алжирде аскердик учак кыйрап,100дөн ашуун адам каза тапты

Бүгүн, 11-апрелде Алжирде аскердик Ил-76 учагы кулап, 100дөй киши каза тапты. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Маалыматтарга караганда, учак Алжирдин борборуна жакын жайгашкан Буфарика шаарындагы аскердик базадан учкандан бир нече мүнөттөн кийин кулап түшкөн. Учак талаага кулаган соң жалындап өрттөнүп баштаганын Annahar гезити күбөлөргө шилтеме берип жазды. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, учак Буфарикадагы аэропорттон Алжирдин түштүк-батышындагы Бешар шаарына бет алып, учкандан соң бир аздан кийин өрттөнп баштаган.

Алгач 105 киши каза болгондугу, алардын ичинен 26сы “Полисарио” кыймылынан болгондугу айтылууда. Ал эми айрым булактар кырсыктан 200дөй киши курман болгондугун кабарлашууда.
Фото: Sputnik