Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Москва Тель-Авивден сириялыка базага жасаган чабуулу боюнча түшүнүк берүүсүн талап кылды

РФнын коргоо министрлиги Тифор аба базасына израилдик күчтөр чабуул жасаганын билдирди.

ISNA агенттигинин Спутникке шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, сионисттик режим 9-апрелде Сириянын Хомс провинциясынын чет жакаларында жайгашкан Тифор (Т-4) аба базасына ракеталык чабуул жасаган. Сириялык ЖМКалардын маалыматтары боюнча, чабуулдан курман жана жарадар болгондор катталган.
Белгилей кетсек, окуяга байланыштуу РФ Тель-Авивден түшүнүк берүүсүн талап кылган, бирок азырынча Израиль өкмөтү Москвага эч кандай жооп кайтара элек. РФнын коргоо министрлиги аталган аба базага Израиль аба күчтөрүнүн F-15 маркасындагы эки согуштук учагы кол салганын маалымдаган. Ал эми атылган 8 ракетанын 3сү максатка жетип, 5и атып түшүрүлгөн.
“ Изралди кандайча мындай кадамга барганын териштирүү керек; балким бирөө аны мажбурлаган же өз ыктыяры менен жасаган”,-деп билдирген Орус парламентинин Тышкы иштер боюнча комитетинин орун барасы Владимир Жабаров.
Эске салсак, NBS News агенттиги америкалык жетекчилердин Израиль бул чабуулунан мурдараак Вашингтонго өз чечими боюнча кабарлаганын маалымдаган.