Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Иран Telegramдын ордуна өзүнүн улуттук мессенжерин ишке киргизет

Иран жакынкы бир нече жуманын ичинде эң белгилүү Telegram мессенжеринин аналогу боло турган өз мессенжерин ишке киргизет.

Бул тууралуу Ирандын улуттук коопсуздук жана парламенттин тышкы саясат боюнча комиссиясынын жетекчиси Алаэддин Боруджерди билдиргенин Mehr агенттиги кабарлады. Анын айтымында, Telegram мессенжеринин альтернативасы “Соруш” мессенжери болот. Ал апрель айынын аягында ишке киргизилет.

Боруджердинин билдирүүсү боюнча, Ирандагы популярдуу Telegram мессенжери өлкө үчүн коопсуздугу жетишсиз. Telegramды ирандык мессенжерге алмаштыруу чечими өткөн жылы Ирандын шаарларында болгон нааразычылык учурундагы Telegramдын деструктивдүү ролун эске алуу менен кабыл алынган. Ал 40 миллион колдонуучулардын бир бөлүгү Telegramдын аналогу болчу улуттук “Соруш” мессенжерине өтөт деп үмүт артарын билдирди