Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Палестинада 2017 - жылы 15 бала шейит болду

Израиль күчтөрү 2017 - жылы 15 палестиналык баланы шейит кылып, 1500гө жакын баланы да камоого алды.

Палестина статистикалык борборунун «5 - Апрель палестиналык балдар күнүнөн» улам жарыялаган отчетунда 2017 - жылы 9 – 17 жаштагы 15 палестиналык бала Израиль күчтөрү тарабынан шейит кылынгандыгы белгиленип, 1467 бала да камоого алынган. Отчетто 2018 - жылдын январь жана февраль айларында да 6 палестиналык баланын шейит болгондугу билдирилип, азыр да 350 палестиналык баланын Израиль абактарында камоодо экендиги белгиленди.

Палестина Боштондук Уюмуна караштуу палестиналык туткундар делегациясынын маалыматтарына таянып даярдалган отчетто 2017 - жылы камоого алынган 1467 палестиналык баланын Израиль абактарындагы жалпы палестиналык туткундардын 21. 8 пайызына тең келгендигине көңүл бурулду.

Басып алынган Батыш Шериа, Чыгыш Кудус жана блокада астындагы Газада жашаган палестиналык балдардын укуктарынын дүйнөлүк күн тартибине келиши максатында жыл сайын 5 - апрелде «Палестиналык балдар күнүнүн» негизинде түрдүү иш чаралар өткөрүлүүдө.