Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Трамп: Арабстан биздин Сирияда калуубузду кааласа, каражатыбызды төлөп берсин!

Америка президенти: Арабстан эгерде Американы Сирияда калсын десе, анда чыгымдарыбызды төлөп берсин.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Дональд Трамп бул тууралуу 3-апрелде Эстония, Латвия жана Литва президенттери менен болгон жолугушууда ачык түрдө билдирген. Ал мындай деген: жакын арада Арабстан жана башкалар менен бир чечимге келебиз. Менин айтаарым, эгер биздин калуубузду өтүнсөңөр, анда акча бергиле. Биз үчүн Сирияда болуубуз маанисиз, көбүнчө эле башка өлкөлөрдүн пайдасына болуп жатат. Америка президенти “өз аскериңерди Сириядан чыгарып кетесиңерби?”-деген суроого мындай деп жооп кайтарган: Ооба Сириядан чыгып, өлкөбүзгө кайтуубуз керек. Өлкөмдү курушум керек. 7 трлн. доллар каржыладык Сириядан бирок эч пайда таппадык!

Дональд Трамп Американын Сириядагы согушка катышуулары өлүм менен кыйроодон башка эч нерсе алып келбегенин билдирүү менен мындай деп кошумчалаган: Аскердик жактан албетте, ийгиликтүү болду, бирок кээде өлкөгө кайтуу керек, бул тууралуу олуттуу сүйлөшүү жүргүзүүгө убакыт келип жетти.