Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Сириянын Дума шаарынан 2 миңден ашуун террорчу чыгып кетти

Чыгыш Гутанын Дума шаарынан 2200 террорчу үй-бүлөлөрү менен бирге чыгып кетти.

Бул тууралуу Орусиянын коргоо министрлиги билдиргенин Fars агенттиги жазды. Орусиянын коргоо министрлиги азыры учурга чейин 40 миңден ашуун сириялыктар Чыгыш Гутанын ар кайсы шаарларындагы өз үйлөрүнө кайтып келгенин билдирди. Мындан эки күн мурун Сиринын расмий Sana агенттиги Чыгыш Гутадагы террорчулардын акыркы базасы болгон Думадан макулдашуунун негизинде террорчуларды чыгаруу процесси башталгандыгын билдирген.

Келишимге ылайык, согушкерлер бардык оор куралдарын Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө өткөрүп берүүсү керек.