Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Путин менен Эрдогандын жолугушуусу кандайөттү?

РФ менен Түркия президенттеринин Анкарадагы бетме - бет жолугушуулары 1,5 саатка созулду.

Oxu.Az агенттигинин РИА Новостиге шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, бул тууралуу Түрк лидеринин пресс кызматы билдирген. “Путин менен Эрдогандын жолугушуусу 1,5 саатка созулду. Андан соң орусиялык-түрк Кеңешинин жогорку деңгээлдеги отуруму башталды,-деп билдирди пресс кызмат. Белгилей кетсек, Түркия Владимир Путиндин Анкарага келишин өтө жогорку деңгээлде тосуп алган.
Түркия Ак үйүнүн алдындагы майданда атайын азем уюштурулуп, эки өлкөнүн гимндери коюлуп, президенттер өз делегаттары менен бири - бирин тааныштырышкан. Андан соң Путин менен Эрдоган видеоконференция режиминде Аккую АЭСин курууну баштоо буйругун беришкен.

Аземдин соң Орусиянын элдик “Калинка-малинка” ырынын коштоосунда эки өлкөнүн лидердери Ак үйгө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө киришкен.