Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)
- Кыргызча
- Русский
Египеттеги президенттик шайлоонун жыйынтыгында Абдуль Фаттах ас-Сиси кайрадан өлкөнүн президенти болуп шайланды.
ISNA агенттигинин Скай-ньюз маалымат порталына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Абдуль Фаттах ас-Сиси 97% добуш менен кайрадан Египеттин президенти болуп шайланды.
Белгилей кетсек, Египет президентин шайлоо 26-27-март күндөрү өткөн. Бул шайлоодо Абдуль Фаттах ас-Сиси (Египеттин президенти) жана анын атаандашы ( “Эртең” партиясынын лидери) Муса Мустафа Муса ат салышкан. Ал эми Египеттин президенттик шайлоо боюнча комиссиясы шайлоого калктын 41% катышканын кабарлашкан.