Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Чыгыш Гутада жай тургундар өлкөсүнө кайтып жатышат

Сириянын өкмөттүк аскерлери Орусиянын касташкан тараптарды элдештирүү борбору менен биргеликте жергиликтүү тургундарды Чыгыш Гутанын калктуу пункттарына кайтарып жатышат. Бул тууралуу Сириядагы касташкан тараптарды элдештирүү борборунун начальниги Юрий Евтушенко журналисттерге билдирген.

Маалыматка ылайык, согушкерлер тарабынан бошотулган Арбил, Замалька, Айн-Терма, Жаубар пункттары жарылуучу заттардан тазаланып, инфраструктурасы калыбына келтирилип жатат. Ал жерге жай тургундар көчүрүлөт.

Бүгүнкү күндө Чыгыш Гутанын калктуу пунттарына 40 миңден ашык жаран кайтып келди.

Эске сласак, 1-апрелден тарта Чыгыш Гутада касташкан тараптарды мунасага келтирүү иши жүрүп жатат. Анын негизинде 2 миң согушкер үй-бүлөлөрү менен чыгарылды.

18-февралдан бери токтобой жаткан өкмөттүк күчтөрдүн жана алардын өнөктөштөрүнүн соккуларынан эң аз дегенде алты жүздөй жай тургун каза тапты.