Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Дин кызматкерлери «Адамдын жаны аманат» атуу акция өткөрүшөт

3-апрелде борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адамдын жаны аманат» аттуу акция өткөрөт.

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Акция эртең менен саат 10.00дө башталат. Ага Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, ЖККББнын башчысы Канат Жумагазиев катышат.

Бул иш-чара алдыда башка аймактарда да уюштурулуп турат.