Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Сирия армиясы Чыгыш Гутанын толук бошотулганын жарыялады

Сирия армиясынын башкы командири Чыгыш Гута толук бошотулуп, учурда террорчуларды жок кылуу операциясы уланып жатканын кабарлаган.

Сириянын расмий Сана маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Сириянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командири Чыгыш Гутадан жүздөгөн террорчулар жайгашкан жерлери менен толук жок кылынып, учурда бул стратегиялык аймак армиянын колуна биротоло өткөнүн билдирген.

Белгилей кетсек, Сирия армиясы он миңдеген гуталык жайкын тургундардын аймактан чыгып кетүүсүнө коопсуз жолдорду ачышкан.
Сирия армиясынын башкы командири Чыгыш Гутаны бошотулуусу менен Дамаск жана анын тегерегиндеги бейпилдүүлүк жана коопсуздук кайтканын баса белгилеп, бул жеңиш менен бардык туруктуу мекендештерин куттуктай тургандыгын билдирген.