Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады

Башкалаада эл ташып иштеген маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады. Бул тууралуу айдоочулар билдиришти. Маалыматка караганда, алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү тууралуу талабына нааразылык билдиришүүдө.

Маршруттук таксилер каттабай жаткандыктан, шаардагы аялдамаларда элдин саны көп экенин жүргүнчүлөр да ырастап жатышат. Азыр троллейбустар менен автобустар келип, бирок ага эл батпай жатканы айтылууда. Айрым маршруттук каттамдар гана ишке чыкканы кабарланды.

Бишкек мэриясы айдоочулардын иш таштаганы тууралуу маалымат бере элек.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, ушу тапта 3 миңге чукул маршруттук кичи автобус 119 каттамда иштейт.