Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Эрдоган: Орусияга каршы иш кылбайбыз

Түркиянын президенти “Скрипалдын” иш кагазы боюнча Орусияга каршы аракет жасабай турганын белгиледи.

Mehr агенттигинин Спутникке шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Режеп Таип Эрдоган “Сергей Скрипалдын” уулануусуна карата Орусияга каршы кандайдыр бир аракет жасабай турганын тактап кетти. Ал эми Түркия ТИМнин басма сөз катчысы Хами Аксой Анкара өкмөтү Британиядагы адамзатка каршы химиялык куралдардан колдонуу аракетин каттуу айыптаган.

Белгилей кетсек, 25 өлкөдөн ашуун, алардын ичинде Америка, ЕБдин мүчө өлкөлөрү Скрипалдын иш кагазына карата чечим чыгарып, өз өлкөлөрүнөн бир канча орусиялык дипломаттарды чыгарышкан.

Эске салсак, март айынын башында Орусиянын мурдагы кыянатчы чалгынчысы Скрипаль, кызы Юлия менен Англиянын Солсбери шаарындагы коомдук жерде ууланып, эсин жоготушканы белгилүү болгон. Биртания өкмөтү бул кылымышка Орусияны күнөөлөп келет.