Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Орусия АКШнын 60 дипоматын өлкөдөн чыгырып, Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугун жабат

Орусия өкмөтү бир катар батыш өлкөлөрүндөгү орусиялык дипломаттардын чыгарылышына жооп катары АКШнын 60 дипоматын өлкөдөн чыгырып, Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугун жабууну чечти.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин Fars агенттиги кабарлады. Өткөн аптанын аягында жана бул аптанын башында 20дан ашуун батыш өлкөлөрү Британия менен биргеликте Орусиянын 150гө жакын дипломатын “тыңчылар” деген шек менен өлкөдөн чыгарган. Лавровдун айтымында, америкалык 60 дипомат өлкөдөн чыгарыла тургандыгын расмий билдирүү үчүн Американын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман министрликке чыкырылды.

АКШ бийлиги Британияга тилектештигин билдирип, Орусиянын 60 дипломатын өлкөдөн чыгарып, Сиэтл шаарындагы Орусиянын Башкы консулдугун жапкан. Мындай чечимди АКШ бийлиги тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Улуу Британияда ууланышына байланыштырып, кабыл алган. Орусия менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык тирешүүлөр биринчи жолу болуп жаткан жок. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Орусия АКШнын шайлоо өнөктүгүнө кийгилишти деп Орусиянын 35 дипломатын өлкөдөн чыгарууну буйруган. Орусия бир нече айдан кийин АКШнын бул кадамына жооп катары америкалык 30 дипломатты өлкөдөн чыгарган.