Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Египеттин учурдагы президенти шайлоодо 90%добуш алды

Египетте өткөрүлгөн президенттик шайлоодо алдын ала эсептер боюнча, өлкөнүн учурдагы президенти Абдель Фаттах ас-Сиси 90%дан ашуун добуш алды.
Youm7 агенттиги билдиргендей, шайлоодо негизги атаандаштар Египеттин учурдагы 63 жаштагы президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен "Аль-Гэд” партиясынын лидери, 65 жаштагы Муса Мустафа Муса ат салышып, алдын ала жыйынтыктар боюнча, ас-Сиси 90%дан ашуун добуш алып, атаандашы Муса Мустафа Муса 4%дан аз добуш алды.

Египетте президенттик шайлоо 26-мартта башталып, 28-мартка чейин созулду. Абдель Фаттах ас-Сиси мындан 4 жыл мурун президенттик шайлоодон 97% добуш алып, Египеттин президенти болуп шайланган. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-апрелде белгилүү болот.