Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Владимир Путин Кемерового учуп барды

Орусиянын президенти Владимир Путин Кемерового учуп барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Расмий маалыматтарга ылайык, соода борборунда чыккан өрттөн 64 адам каза болду. Ал эми социалдык түйүндөрдө күбөлөрдүн таркаткан маалыматтарына таянсак, каза болгондордун саны 170 ден ашкан. Алардын ичинен 30 адам чоң кишилер, калганы балдар болгону маалым болду.

Өрт өчүрүүчүлөр кырсыктын келип чыккан себеби так аныктала электигин, аны толугу менен өчүрүүгө бир суткадан ашык убакыт кеткенин билдиришти. Имараттта коопсуздук түзүмдөр иштебегени жана кошумча чыгуу жолдору жабык болгонун кырсыкка кабылгандар видеого тартып социалдык түйүндөрдө таркатышкан.

Тилсиз жоо алып кеткен өмүрлөрдү эскерүү үчүн Кемероводо үч күндүк аза күтүү жарыяланды.