Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Бен Салман:Ваххабизм АКШнын буйрутмасы менен таралган

Мураскер шахзаада Мухаммад бен Салман Эр-Рияддын дүйнөгө ваххабизмди таратуусу АКШнын буйрутмасы менен аткарылганын билдирген.

IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, мураскер шахзаада Мухаммад бен Салман “Вашингтон пост” гезитине берген маегинде Арабстандын союздаштарынын “суук согуш” (1947-1991-жж.) доорунда Чыгыш блокко туруштук берүүдөгү аткарган милдетин мойнуна алып, экстремисттик ваххабизм идеологиясы АКШнын буйрутмасы менен таратылганын билдирүү менен Сауд режимин актоого аракет кылган.
Мураскер шахзааданын айтымында, Эр- Рияддын ваххабиттик террорчулукту колдоосу Советтер Союзунун ислам өлкөлөрүнө таасирин алдын алуу максатында “суук согуш” мезгилинде союздаштарынын суранычы менен жасалган.

Ошондой эле бен Салман эми сауддук падышачылыктын саясатын кайра караштыруу убактысы келгендигин баса белгилеген.
Арабстандын мураскер шахзаадасы мындай деп кошумчалаган: “Ваххабизмди каржылоо маселеси Арабстанда негизделген жеке сектордун мүчөлөрү менен фонддору аркылуу жүзөгө ашырылган.”
Белгилей кетсек, Ирактын расмий өкмөтү менен эли ИШИМдин Ирактагы 2014-2017-жылдардагы басып алуулары менен жазаналарына Сауд Аравия саясий жана каржылык колдоо көрсөткөнүнө толук ишенишет.