Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Чыгыш Гутада террорчулардын эки туннели табылды

Сирия армиясы Чыгыш Гутада жүргүзгөн операцияда террордук уюмдарга таандык болгон эки туннель табышты.

Бул тууралуу Сириянын расмий SANA агенттиги билдиргенин IRNA агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, эки туннель Чыгыш Гутадагы Хаза жана Айн Тарма шаарчаларынан табылган. Ал туннелдер Файлак ар-Рахман террордук уюмуна таандык болгон. Ошондой эле сириялык күчтөр бул аймактан согушкерлердин талаа ооруканасын табышкан. Сирия армиясы Аль-Вафедин районундагы коридор аркылуу Чыгыш Гутадагы жай тургундардын жаңы тобун коопсуз чыгарууга жооптуу.

Маалыматта айтылгандай, 25-мартта террордук элементтер жана алардын үй-бүлөлөрү 10 автобус менен Чыгыш Гутадан чыгып, Идлиб провинциясына бет алышкан. Азыркы учурда Сирия армиясы Чыгыш Гута аймагынын 90дон ашуун пайызын көзөмөлгө алды. Буга чейин Орусиянын коргоо министрлиги Чыгыш Гутадан 103 миңден ашуун киши чыгып кеткендигин билдирген. БУУнун Копсуздук Кеңеши 24-февралда Сирия боюнча 30 күн ок атпоо токтомун бекиткен.

Убактылуу ок атпоо режими жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:00дөн 14:00гө чейин жарыяланган. Бул токтом кагылышуу болуп жаткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү максатында кабыл алынган. Бирок ок атпоо режими террордук топтор тарабынан бир нече жолу бузулган.