Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Орусиядагы өрттөн 37 киши каза тапты

Орусиянын Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборундагы өрттөн 39 киши каза таап, дагы 43ү жаракат алды. 70ке жакын кишинин дайыны билинбей жатат.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги расмий маалыматтарга таянып жазды.

Билдирүүгө караганда, соода борборундагы өрттөн кийин дайыны табылбай жаткандардын саны 69га жетти, алардын 40ы балдар. Орусиянын Тергөө комитети киши өмүрүн алган өрт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Соода борборунун өрт чыккандыгы тууралуу кабар берчү түзүлүшү иштебей калып, андагы адамдар толук эвакуацияланбаганы кабарланууда. Расмий маалыматтарга ылайык, имараттан 100 киши эвакуацияланып, дагы 20сы куткарылган. Калган адамдар соода борборунан өз алдынча чыккан болушу мүмкүн.