Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Каталониянын экс- президенти камакка алынат

Германиянын Коопсуздук булактары Карлэс Пучдемондун камакка алынаарын кабарлашты.

ISNA агенттиги Евроньюс маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Германиянын полициясы Каталониянын экс-президенти Карлэс Пучдемонго камакка алуу өкүмү чыгарылганын жана бул өкүм Европа боюнча иш жүзүнө ашырылаарын билдирген.

Белгилей кетсек, өкүм чыгарылып жаткан убакта Пучдемон ишемби күнү Финляндиядан Бельгияга учуп кеткен. Учурда Финляндия жетекчилиги анын жашаган жери аныктоонун артынан түштү. Ал эми Пучдемон Испанияга депортацияланары менен 25 жылга кесилмечи.

Эске салсак, Карлэс Пучдемон Каталониядагы өкмөткө каршы көтөрүлүштөргө чакырык жасоо кылмышы жана өлкөнүн референдумунда маанилүү рол ойногону үчүн камакка алынмакчы.