Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Эл аралык Амнистия батыштык куралдардын Арабстанга сатылып жатышын айыптады

Эл аралык Амнистия уюму кечээ батыштык куралдардын Арабстан менен анын коалициясына сатылуусун айыптады.

ISNA агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Эл аралык Амнистиянын Жакынкы Чыгыш боюнча аналитика борборунун жетекчиси Линн Малофф мындай деген: Арабстан жана ал жетектеген Йеменге каршы согуштагы коалицияга курал-жабдыктардын жоопкерчиликсиз түрдө сатылуусу боюнча бир канча иш- кагаздар бар. Линн Малофф буга тиешелүү Америка, Англия, Франция, Испания жана Италия өлкөлөрү Арабстанга миллиарддаган долларларга курал-жарактарды сатуулары менен Йемен согушун жалындатып жатканын билдирди.

Бул маселе жайкын тургундардын өлүмүнө себеп болуп, дүйнөлүк курал-жарак соодасынын келишимин жараксыз жана пайдасыз кылууда,- деп кошумчалады ал. Эл аралык Амнистия уюмунун адам укуктарын сактоо тобунун иликтөөсү боюнча, 2015-жылдан бери Арабстан коалициясы Йеменге 36 ирет абадан чабуул жасап, 513 жайкын тургундарды, алардын арасында 157 балдардын өмүрү кыйылган. Ал эми 2015-жылдан бери уланып келе жаткан согуштан Йеменде 10 миңден ашуун жайкын тургун курман болгон.

Эске салсак, учурда өлкөдө 22 миллиондон ашуун адамдар тез жардамдарга муктаж.