Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Чыгыш Гутанын 90 пайызы Сирия армиясынын көзөмөлүндө

Сирия армиясы Чыгыш Гутанын 90 пайызын өз көзөмөлүнө алды.

Irinn агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын расмий агенттиги SANA Чыгыш Гутадан террорчулардын акыркы тобун үй-бүлөлөрү менен чыгаргандан кийин шаардын аймактары такфиристтерден бошогонун маалымдады.
ИШИМ мүчөлөрү үй-бүлөлөрү менен мындан эки күн мурун Сирия өкмөтү менен террорчулардын ортосунда жетишилген макулдашуунун негизинде 59 автобус менен Сириянын батышында жайгашкан Идлиб облусуна көчүрүлгөн.
Эскерте кетсек, Коопсуздук Кеңеши 5-мартта токтом кабыл алган жана ага ылайык, Сирияда кем дегенде 30 күн ок атууну токтотуу керек эле. Бирок, террорчулар бул жолу дагы токтомду бузушту.