Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши Палестина боюнча беш токтом кабыл алды

БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши кечээ, жума күнкү Женевада өткөн отурумунда Ислам Кызматташтык Уюмунун Палестина боюнча сунуштаган беш токтомун уюм мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн колдоосу менен кабыл алды.

Бул тууралуу Mehr агенттиги маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, кабыл алынган токтомдор төмөнкүлөр:
- Өзүнүн тагдырын өзү чечүү Палестина элинин талашсыз жана ажыратылгыс укугу;
- Сионист режиминин басып алган жерлерде, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде шаарчаларды куруусу;
- Палестин элине каршы кылмыштары үчүн сионист режиминин лидерлеринен жоопкерчиликти талап кылуу;
- Басылып алынган аймактарда адам укуктары боюнча жагдай;
- Голан бийиктиктериндеги басылып алынган аймактардагы сионист режиминин иш-аракеттери.