Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Фейсбук колдонуучулардын маалыматтарынан пайдаланганын мойнуна алды

Фейсбуктун негиздөөчүсү бул соц. тармактын колдонуучуларынын маалыматтарынан пайдаланганын мойнуна алды.

Марк Цукерберг соц тармагынын колдонуучуларынын маалыматтарынан пайдаланганын толугу менен мойнуна алып, бул катачылыкты оңдоого сөз берди. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Марк Цукерберг соц.тармактарды колдонучуларына мындай деп жазган: биз силердин маалыматыңарды сактоого милдеттүүбүз, эгер бул милдетибизди аткара албасак, силерге кызмат кылууга ылайыксызбыз деп эсептейбиз.

Белгилей кетсек, Цукербергдин байлыгы дүйшөмбү күнү 6,06 млрд. долларга азайган, себеби анын компаниясына (Фейсбук) болгон салымдын баасы кескин төмөндөй түшкөн. Бул тууралуу CNBC каналы Фейсбуктун салымынын төмөндөөсүнө негизги себеп: Дональд Трамптын пайдасына добуш бергендердин маалыматтары уурдалган деп билдирген. Фейсбук компаниясы миллиондогон колдонуучуларынын маалыматтарын алардын уруксатысыз пайдалануу менен анализдөө методдору аркылуу добуш берүүчүлөрдүн саясий тандоолорун ачыкка чыгарган.