“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)
- Кыргызча
- Русский
Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Президент Хасан Рухани өзүнүн куттуктоо телеграммасында жаздын келиши менен дүйнөдө биримдик, тилектештик орун алып, этникалык жана диний каршылаштыктар жоюлуп, эч кандай зордук-зомбулуксуз, экстремизм жана согуш жок жашоо коштойт деген аруу ниетин билдирген.
Иран Президенти Хасан Рухани Президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстан элине бакыт жана бакыбатчылык каалады.