Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Сирия террорчуларынан 40тонна химиялык куралдар табылды

Орусиянын Коргоо министрлиги буга чейин Сириянын бошотулган жерлеринде террорчулардын 40 тоннага чукул химиялык куралдары табылганын билдирди.

SNN агенттиги ТАСС маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, РФнын Коргоо министрлиги кечээки блидирүүсүндө Сириянын бошотулган аймактарынан террорчуларга таандык 40 тоннага жакын химиялык куралдар табылганын жарыялаган. Бул билдирүүдө химиялык куралдардан тышкары, террорчулардын химиялык куралдарды жасап чыгарган ишканалары дагы табылганы белгиленген.

Белгилей кетсек, террорчулар буга чейин Сирия өкмөтүн “химиялык куралдарды колдонду”- деп күнөөлөп келген, ал эми Дамаск бул дооматтарды кескин четке каккан.