Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Франциянын экс-президенти Николя Саркози камактан чыгарылды

Франциянын экс-президенти Николя Саркози камактан чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Маалыматка ылайык, экс-президент 25 саат сурак берген. Ага президенттик шайлоо учурунда үгүт иштерин мыйзамсыз каржылоо беренеси боюнча айып тагылган. Жакынкы арада үч соттон турган сот отуруму Саркозинин айыбын аныктаары айтылууда.

2007-жылы президенттик шайлоо учурунда Николя Саркози Ливиянын лидери Муаммар Каддафиден 5миллион евро өлчөмүндө акча алганы тууралуу 2011-жылы иш козголгон. Каддафинин уулу Саиф аль-Ислам атасынын Саркозиге акча бергендиги тууралуу тастыктоочу документтерди бере алаарын кабарлаган. Анын айтымында, Муаммар Каддафи Саркозинин штаб жетекчиси Триполи Клодго үч чемодан акча бергенин көргөн.