Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Перунун президенти Пабло Кучински отставкага кетти

Перунун президенти Пабло Кучински отставкага кеттүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу Пабло Кучински элине кайрылуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөсү биримдиги үчүн бул чечимге келген. Президент мындан аркы өлкөнүн өнүгүү жолунда ага орун берилбегенин айтып, кызматты өткөрүп берүү учурда иштеп жаткан конституциянын негизинде ишке ашаарын кошумчалады.

Мурунураак жергиликтүү La Republica гезити президент өкмөт мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөргөндөн кийин чечим кабыл алыганын жазган. Бул окуя парламент Бразилиялык курулуш компаниясынын айланасында болгон коррупциялык ишке байланыштуу Кучинскийге импичмент жарыялоо маселесин караардын алдында болду.

Президенттин арызы бүгүн парламентте каралмакчы, эгер арыз кабыл алынса, анын орун басары убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалат.