Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Каддафинин уулу Ливиянын президенттик шайлоосуна өз талапкерлигин койду

Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Сейф аль- Ислам келээрки президенттик шайлоолорго өз талапкерлигин койду.

Бул тууралуу кечээ анын Тунистин борборундагы өкүлү Айман Бурас билдирген. Мындай маалыматты Shia news агенттиги билдирди. “Сейф аль-Ислам Муаммар Каддафи келээрки президенттик шайлоолорго өз талапкерлигин коюу менен бийликке умтулбастан, өлкөнү куткаруунун артында”,-деп билдирди Айман Бурас Тунисте өткөн пресс-конференцияда.

Белгилей кетсек, Айман Бурас Сейф аль-Ислам Каддафинин саясий маселелери боюнча расмий өкүлү болуп саналат. Алдын ала маалыматтарга караштуу, Ливиянын президенттик шайлоолору үстүбүздөгү жылдын орто чендеринде өткөрүлмөкчү.