Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Мухаммад бен Салман: Никаб же хижаб кийүү аялдын өз тандоосу

Сауд Аравиянын мураскер шахзаадасы мусулман аялдар кандай кийим кийүүсү керектиги боюнча өз пикири менен бөлүштү.

Мухаммад бен Салман америкалык кабарчыларга берген маегинде “никаб же кара түстөгү хижаб кийүү мусулман аялдарга милдеттүү түрдө эмес" экенин билдирген. Бул тууралуу IslamNews агенттигин Emirates Woman маалыматына шилтеме берип маалымдаган.
“Шариятта аял менен эркекке татыктуу кийим кийип жүрүү буйрулган, ал эми аялга анын түрүн тандоо укугу берилген”,-деп айтты Арабстан тактысынын мураскери. “Аял сөзсүз түрдө никаб же кара түстөгү хижаб кийүүгө милдеттүү эмес, кандай кийсе өз эрки”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, ислам шариятында аялдардын хижабы тууралуу кандайдыр бир түстү гана тандоосу айтылбайт жана хижаб деп “бети жана колунан башка дене мучөлөрүн жапкан” кийимге карата айтылат.