Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Сирияда батыштыктардын саясаты ишке ашкан жок

Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү Батыш өлкөлөрү Сирия иштерине кийлигишүү үчүн ар бир маселеден пайдаланып келишкенин айтып, батыштыктардын Дмасктагы саясаты ишке ашкан жок деп билдирүү жасады.

Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү Башар аль-Жафари “Батыштыктардын Сириядагы саясаты ишке ашкан жок жана ошол себептен химиялык курал жана укук маселелери боюнча талкууларды жаратып жатышат”, - деп билдирди.
Ошондой эле ал “Батыш Сирия иштерине кийлигишүү үчүн ар бир маселеден пайдалынып келди. Биз документтерди химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун жана Коопсуздук Кеңешинин ыктыярына коюп бердик. Сирияда химиялык курал колдонулганы тууралуу Батыш өлкөлөрүнүн жайылткан билдирүүлөрү жалган экени далилденди”, - деп баса белгиледи.
Мындан тышкары ал Чыгыш Гутанын эркиндиги боюнча билдирүү даярдалганын жана жакында Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынында окутуларын айтты.
“Батыш өлкөлөрү Сириядагы адамдардын абалын жана адам укуктарын карап чыгуу үчүн БУУнун Коопсуз Кеңешинин бир жактуу жыйынын өткөрүүнү көздөштү эле. Бирок, Орусия менен Кытай Батыштын бул талабына каршы чыгышты”, - деп кошумчалады Башар аль-Жафари билдирүүнүн аягында.